Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде география предмети боюнча усулдук семинар болуп өттү. Семинар «Жашыл көндүмдөр жана Туруктуу өнүгүү максаттарын окутуу методикасы» деген темада уюштурулуп, заманбап билим берүүнүн актуалдуу багыттарын камтыды.
Иш — чара учуру
Иш-чаранын негизги максаты – окуучуларда экологиялык маданиятты, жоопкерчиликтүү жарандык позицияны жана жашыл көндүмдөрдү калыптандырууда натыйжалуу окутуу ыкмаларын жайылтуу, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) география сабагына интеграциялоонун усулдарын талкуулоо болду.
Семинардын алкагында география мугалими Карыбекова Аида ачык сабак өткөрдү. Ачык сабакта айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык көйгөйлөр жана алардын чечүү жолдору интерактивдүү методдор аркылуу көрсөтүлдү. Сабак учурунда топтук иштер, талкуулар жана практикалык тапшырмалар колдонулуп, окуучулардын активдүүлүгүнө жана өз алдынча ой жүгүртүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Группанын презентациясы
Мындан тышкары, ушул эле тема боюнча Карыбекова Аида мугалимдер үчүн усулдук тренинг өткөрдү. Тренингде катышуучулар жашыл көндүмдөргө багытталган практикалык эксперименттерди жасап көрүшүп, Туруктуу өнүгүү максаттарын сабакта колдонуу жолдору менен таанышышты. Практикалык иштер мугалимдердин кесиптик тажрыйбасын байытып, сабактарды заман талабына ылайык уюштурууга мүмкүнчүлүк берди.
Семинардын жыйынтыктоочу бөлүгүндө өткөрүлгөн талкууда катышуучулар иш-чаранын мазмунун, уюштурулушун жана практикалык маанисин жогору баалап, семинарды «эң жакшы» деп баалашты. Ошондой эле мындай усулдук иш-чаралар мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана экологиялык билимди тереңдетүүгө өбөлгө түзөөрү белгиленди.
Бул семинар билим берүү мекемелеринде Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга жана жаш муунду экологиялык жоопкерчиликке тарбиялоого багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Жазган: Айдай Джолчубекова
Раяна Бейшенбекова