“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Айтматов жана музыка – руханий мурастын сахналык даңазасы

30 Декабрь 2025 жыл 21:36
Көрүүлөрдүн саны: 82

Сокулук районундагы Күн Туу айыл өкмөтүнө караштуу Новое айыл аймагындагы Гүлсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 97 жылдыгына арналган “Айтматов жумалыгынын” алкагында өзгөчө мазмундуу маданий-чыгармачылык иш-чара болуп өттү. 10-класстын окуучулары тарабынан даярдалган “Айтматов жана музыка” аттуу мюзикл көрүүчүлөргө зор таасир калтырды.

Иш — чаранын жүрүшү
Иш-чаранын негизги максаты — Айтматовдун чыгармаларындагы руханий баалуулуктарды, адамдык асыл сапаттарды музыка, бий жана сахналык образдар аркылуу ачып берүү, жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду.
Мюзикл 9 бөлүктөн туруп, ар бир сахналык көрүнүш улуу жазуучунун чыгармаларындагы терең философияны, адам тагдырын жана ички дүйнөнү чагылдырып турду.
Атап айтканда, Ильяс менен Аселдин аруу сүйүүсү, Толгонай менен ЖерЭненин драмалуу диалогу, “Ак Кеме” чыгармасындагы Нургазынын кыялы, “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөндүн адамдык улуулугу көрүүчүлөрдүн жүрөгүн толкутбай койгон жок.
Музыкалык номерлер иш-чарага өзгөчө көрк берип, “Долондон канатымды кайрып алдым” ырына коюлган вальс, “Улуу кыргыз Чынгызга” хор ыры, ошондой эле “Ысык-Көлдү сагынуу” аттуу кыздар бийи залкар жазуучунун дүйнөсүн терең сезүүгө мүмкүндүк берди.
Мюзиклдин соңунда бардык катышуучулар сахнага чыгып, Айтматовдун адамзатка калтырган улуу мурасына таазим жасалды. Иш-чара окуучулардын адабиятка, искусствого болгон кызыгуусун арттырып, улуттук маданиятка болгон сый-урматты бекемдеди.
Бул чыгармачылык кеч Гулсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучуларынын талантын, мугалимдердин изденуусун жана мектеп жамаатынын биримдигин дагы бир ирет далилдеди.
Иш — чарага катышкан мектеп жетекчилери жана көрүүчүлөр 10-класстын окуучуларына жана жетектеген класс жетекчиси Карыбекова Аидага терең ыраазычылык билдиришти.
Айтматовдун чыгармалары – түбөлүктүү руханий казына. Ал эми мындай иш-чаралар ошол мурасты кийинки муунга жеткирүүнүн эң таасирдүү жолу болуп саналат.
Жазган: Айдай Джолчубекова.

Батишев Жоокер