“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Жаңы балаты- жаңы жылдык жакшы маанай башаты.

30 Декабрь 2025 жыл 21:45
Көрүүлөрдүн саны: 83

Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл өкмөтү, анын жетекчиси Мирбек Суюнбаевдин демилгеси жана колдоосу менен билим берүү тармагына кам көрүүнүн алкагында Гүлсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебине жаңы жылдык балаты белек кылды.
Окуучулар балаты менен

Белгилей кетсек, мурда колдонулуп келген балаты жарактан чыккандыгына байланыштуу мектеп жетекчиси Айдай Джолчубекованын расмий кайрылуусу Күнтуу айыл өкмөтүнө жолдонгон. Аталган кайрылууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыкчам реакция жасап, эки күндүн ичинде жаңы балаты алып берип, маселени кыска мөөнөттө чечип берди. Бул аракет айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин билим берүү мекемелерине болгон жоопкерчиликтүү мамилесин жана балдардын кызыкчылыгына өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын даана көрсөттү.Окуучулардын концерттик программасы


Жаңы балатынын орнотулушу менен мектепте майрамдык шаңдуу маанай жаралып, окуучулар үчүн салтка айланган жаңы жылдык балаты майрамы жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар көркөм номерлерди тартуулап, ыр-бий, сахналаштырылган көрсөтүүлөр аркылуу жаңы жылдык кубанычты бөлүшүштү. Балдардын жүзүндөгү шаттык бул демилгенин эң башкы натыйжасы экендиги талашсыз.
Гүлсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жамааты Күнтуу айыл өкмөтүнө, өкмөт башчы Мирбек Суюнбаевге, ошондой эле бул жакшы демилгени ишке ашырууга салым кошкон бардык кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирет. Мындай камкордук жаш муундардын руханий дүйнөсүн байытып, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого өбөлгө түзөт.
Даярдаган:Карыбекова Аида
Раяна Бейшенбекова