“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Өз күчү, өз каражаты, ийгилик: мектеп футбол командасынын жолу

23 Январь 2026 жыл 13:35
Көрүүлөрдүн саны: 124

Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары тарабынан куралган футбол командасы акыркы жылдары өзүнүн жигердүү аракети, өжөр эмгеги жана биримдиги менен коомчулуктун көңүлүн бура алды.

Футбол командасы

Жаш спортчулар кыска убакыттын ичинде ар кандай мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды багындырып, мектептин аброюн көтөрүп келишүүдө.
Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай — бул команданын өз алдынча аракеттенүүсү. Окуучулар өз каражаттарынын эсебинен спорттук форма, керектүү жабдуулар менен камсыздалып, ижарага футбол аянтчасын алып,мелдештерге даярданышат. Ошого карабастан, алар кыйынчылыктан тайсалдабай, алдына чоң максат коюп, мектептин атын райондо гана эмес, андан тышкары да таанытып жатышат.

Медаль менен балдар

Футбол командасынын машыктыруучусу Жолдошбек уулу Жоомарт агай менен маек курдук.
Өзүңүздү кыскача тааныштырып өтсөңүз (атыжөнүңүз, машыктыруучулук тажрыйбаңыз)?.
Мен Жолдошбек уулу Жоомарт футбол боюнча машыктыруучумун. Учурда жаш футболчулар менен иштеп келе жатам. Машыктыруучулук тажрыйбам 1 жыл 3 айды түзөт.
Футбол тармагында канча жылдан бери иштеп келесиз?
Футбол тармагында активдүү түрдө 1 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келем.
Команда тууралуу
Бул команда качан түзүлгөн?
Биздин команда 2024-жылдын октябрь айындатүзүлгөн.
Команданын негизги максаты кандай?
Негизги максатыбыз – чемпион болуу жана келечекте балдарды жогорку деңгээлдеги мелдештерге даярдоо.
Оюнчуларды тандоодо кайсы сапаттарга көңүл бурасыз?
Балдардын физикалык даярдыгына, пас берүү жөндөмүнө, жүгүрүүсүнө, ден соолугунун чыңдыгына жана дриблинг техникасына өзгөчө көңүл бурам.
Команданын машыгуулары кандай тартипте өтөт?
Таза тартипте машыгабыз. Учурда өзүбүздүн футбол аянтыбыз жок, ошондуктан аба ырайына жараша аянттарды арендага алабыз. Күн суук болгондо жабык  ареналарда, күн ачык учурда ачык  аянттарда машыгуулар өтөт.
Физикалык даярдыкка канчалык көңүл бурулат?
Физикалык даярдыкка өзгөчө көңүл бурабыз.
Машыгуулар балдар үчүн оор эмес, бирок натыйжалуу өтөт.
Колдоо жана тартип
Командага колдоо көрсөткөндөр барбы? Же ар бир спортчу өз чөнтөгүнөн чыгарабы?
Туруктуу спонсор жок. Айрым учурда Чынгыз аттуу байке бизге топ алып берип колдоо көрсөткөн. Негизинен чыгымдар өз чөнтөгүбүздөн жабылат, анткени чыгым көп кетет.
Командадагы тартипти кантип сактайсыз?
Балдарым сөгүнүшпөйт, тартиптүү. Эгер тентектик кылышса, катуу эмес, жеңил урушуп, түшүндүрүү жолу менен тарбиялайм.
Жетишкендиктер
Команданын эң чоң жетишкендиги кайсы деп эсептейсиз?
Сокулук лигасында 15 команданын ичинен 4-орунду ээлегенибиз – биз үчүн чоң жетишкендик.
Кыйынчылыктар жана максаттар
Машыктыруучу катары эң чоң кыйынчылыгыңыз эмнеде?
Эң негизги кыйынчылык – өзүбүздүн футбол аянтыбыздын жоктугу. Аянттарды арендага алуу чыгымдарды көбөйтөт.
Кайсы деңгээлдеги мелдештерге катышууну максат кыласыз?
Келечекте шаардык лигаларга чыгып, жогорку деңгээлдеги мелдештерге катышууну максат кылабыз.
Колдоо тууралуу
Жергиликтүү башкаруу органдарынан кандай колдоо күтөсүз?
Балдар үчүн футбол формасы, фишкалар, монежкалар, топтор сыяктуу спорттук жабдуулар менен колдоо көрсөтүлсө дейбиз. Ошондой эле футбол аянты маселеси чечилсе, чоң жардам болмок.
Кеңеш жана каалоо
Жаш футболчуларга кандай кеңеш берет элеңиз?
Жаштарга айтаарым: ичпегиле, чекпегиле, ден соолугуңарды сактагыла. Максат коюп, талыкпай эмгектенсеңер, келечекте чет өлкөлөргө чыгып ойноого толук мүмкүнчүлүк бар
Сиздин ишиңизге ийгилик каалайм. Ушундай абалыныздан жазбай талыкпай жазбай эмгектенип жүрө бериңиз.Жаш өспүрүмдөр үчүн күйүп бышкан аракетиңиз акталып жемишин бере берсин.
Ал эми жаш футболистердин бири Омонов Чыңгыздын ата-энеси Тойчиева Айсулуу менен маек кылдык.
Омонов Чыңгыз 6-класс окуучусу Балам кичинекей кезинен эле футболго кызыгат.Чыңгыздын футбол ойногонун үй- бүлөбүз менен колдойбуз.Машыгуусуна үзбөй жибергенге аракет кылабыз. Сабак менен спортту тең алып кетүү кыйынчылык туудурбай койгон жок.Кээде сабак учурунда машыгууга барышат.Озубуздо футбол аянтчасы жок болгон үчүн башка жакка барып машыгуу өткөрүшөт.
Ал эми баламдын ийгиликтерин айтсам райондук жана шаардык лигаларга катышып жатканы.Райондон 3- орунду алышып, медаль жана грамота алган командасы менен.Албетте ата — эне катары балабыздын ар бир ийгилиги биз үчүн чоң сыймык.
Спорт баламды ар бир нерсеге так жана чыдамкайлык,сергек жашоого үйрөттү.
Келечекте баламы эң мыкты футболчу катары көрөм.Кесип тандоодо,эгер өзү спортту тандаса биз колдойбуз.
Машыктыруучуларга жана мектеп жамаатына ийгилик каалайм.Жасап жаткан мээнетиниздердин үзүрүн көргүлө.Тарбиялап жаткан балдардын ийгиликтери канчалык көп болсо демек ал силердин мээнетинердин жемиши.
Бизге убактынызды бөлуп маек куруп бергенинизге чоң рахмат.Ал эми балдардын келечеги кең Кыргызстандын желегин желбиреткен уулдардан болсун деп тилек кылабыз.

Жолдошбек уулу Жоомартка берилген грамота жана медаль

Даярдаган: Аида Карыбекова, Раяна Бейшенбекова