Гульсина Капарова атындагы жалпы ак ю
билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү, поэзия дүйнөсүндө өз үнүн таап келе жаткан жаш акын, көркөм окуу боюнча сынактардын бир нече жолку жеңүүчүсү Эргешбаев Зиябиддин менен кызыктуу жана мазмундуу маек курдук.

Сөздүн касиетин сезе билген, ойду обонго салгандай жеткирген жаш талант маегинде чыгармачылык жолунун башталышы, поэзияга болгон сүйүүсү, сахнадагы алгачкы толкундоолору жана келечекке койгон максаттары тууралуу чын дилден ой бөлүштү.
Бул маек — жаштарга дем берген, талантка жол ачкан, сөз өнөрүнүн күчүн даңазалаган жагымдуу баарлашуу болду.
Өзүңдү тааныштырып өтсөң (аты-жөнүң, классың)?
Мен Эргешбаев Зиябидин Оморбекович 2007-жылдын 18-апрелинде Чүй облусунун Сокулук районунда жарык дүйнөгө келгем. 2014-жылы 1-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылына караштуу Г. Капарова атындагы орто мектептин ак босогосун алгач ирет аттагам. Ошол күндөн тарта билим алуу менен катар сөзгө, ойго жана көркөм өнөргө болгон кызыгуум акырындан калыптанды.
Качантан бери чыгармачылык менен алектенип келесиң?
Чыгармачылык жолум көркөм окуудан башталган. 6-класстан тартып мектептер аралык сынактарга катышып, сахнанын демин жана сөздүн күчүн сезе баштадым. 8-класстан тарта ыр жазууга кызыга баштадым.
Сен өзүңдү көбүнчө акын, көркөм окуучу же экөө тең деп эсептейсиңби?
Өзүмдү көбүнчө көркөм окуучу деп эсептейм. Акындыкка келгенде өзүмгө өтө этиятмын, себеби мен чыныгы акындардай күн сайын ыр жазбайм. Мен ырды илхам келгенде, жүрөгүм толгондо гана жазам.Ошондуктан өзүмдү көбүнчө көркөм окуучу деп эсептейм.
✍️ Ыр жазуу жөнүндө
Ыр жазууга эмне түрткү болду?
Мени ыр жазууга түрткү берген негизги нерсе – айлана-чөйрөдөгү окуялар. Айрыкча убакытты туура пайдаланбай, анын баркына жетпей жаткан адамдарды көргөндө, аларга жөн гана сөз менен эмес, ыр аркылуу жеткиргим келген.
Ырларың көбүнчө кайсы темада болот?
Менин ырларым көбүнчө убакыт, Мекен жана заман тууралуу.
Биринчи жазган ырың эсиңдеби?
Эң биринчи жазган ырым – “Убакыт” аттуу ыр болгон.
Ыр жазганда сага кимдер же эмнелер шыктануу берет?
Ыр жазганда мага жашоонун өзү, адамдардын тагдыры, тынчтыктагы ойлор шыктануу берет. Илхамды атайын издебейм, ал ойго толгон учурда өзү келет.
Ырларыңды кимге биринчи окуп бересиң?
Ырларымды жазып бүткөндөн кийин эң биринчи кыргыз тили жана адабияты мугалимим Айдай Джолчубековага окуп берем. Ал мен үчүн жөн гана мугалим эмес сөзгө жол көрсөтүп, ойду тереңдеткен устат.
Устатым Айдай Джолчубекованын окуучуларга көрсөткөн колдоосу окуучунун өзүнө дем күч берүү менен шыктандырып, өзүнө болгон ишенимди ого бетер арттырат.
📖 Көркөм окуу тууралуу
Көркөм окууга кантип келип калдың?
Менин көркөм окууга келип калышыма бирден бир себепчи – Айдай Джолчубекова болду. Ал мени алгач тандап алып, райондук сынакка алып барган. Ошол сынакта мен Сооронбай Жусуевдин “Алакан” ырын көркөм окуп чыккам. Кийинки сынактарда Айдай Джолчубекова менен биргеликте Бермет Кенжебаева дагы колдоп катыштырып келишчү. Учурдан пайдаланып алтындай болгон мугалимдерим Айдай Джолчубекова жана Бермет Кенжебаеваларга баш ийип таазим кылуу менен терең ыраазычылык билдирем.
Кайсы акын-жазуучулардын чыгармаларын окуганды жакшы көрөсүң?
Мен көбүнчө Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу улуу жазуучулардын чыгармаларын окуганды жактырам.
Көркөм окууда сен үчүн эң маанилүү нерсе кайсы?
Мен үчүн эң маанилүү нерсе – окуп жаткан чыгармамдагы каармандардын түпкүлүк сезимин, жүрөк толкунун угармандын жүрөгүнө жеткире билүү. Жөн гана жаттап окуу эмес, ар бир сөздү сезип, жашап берүү маанилүү.
Сахнага чыкканда кандай сезимде болосуң?
Сахнага чыкканда алгач толкундануу болот, бирок биринчи сап айтылганда баары унутулат. Ошол учурда мен сахнада эмес, чыгарманын ичинде болом.
Жетишкендиктер
Кайсы сынактарга, иш-чараларга катыштың?
Мен негизинен көркөм окуу жана шахмат боюнча көптөгөн сынактарга катышып келдим.
Сен үчүн эң эсте калган учурлар кайсылар?
Мен үчүн эң эсте калган мезгилдер – 2022–2023 окуу жылдары. Бул жылдары билим берүү, спорт жана көркөм окуу боюнча мектептин атынан көптөгөн сынактарга катышып, жогорку орундарды алып келдим. Айрыкча 2023-жылы шахмат боюнча мектептер аралык мелдеште жеңишке жетип, Чүй облустук турга жолдомо алганым мен үчүн чоң сыймык болду.
Сыйлык же мактоо укканда кандай сезимде болдуң?
Сыйлык же мактоо укканда, ичимден чоң кубаныч жана сыймык пайда болот. Бирок ошол эле учурда бул мага жоопкерчилик жүктөйт. Ар бир жетишкендик – токтоп калуу эмес, алдыга дагы аракет кылууга түрткү.
Максат жана кыял
Келечекте чыгармачылыгыңды уланткың келеби?
Ооба, мен чыгармачылыгымды уланткым келет. Чыгармачылык – бул менин ички дүйнөмдүн үнү. Сөз аркылуу өзүмдү табам, ой аркылуу өсөм.
Кыялындагы кесип чыгармачылыкка байланыштуубу?
Кыялымдагы кесип түздөн-түз чыгармачылыкка байланыштуу болбосо да, сөз, ой жана таасир калтыруу менен байланыштуу болсун дейм.
Өзүң сыяктуу чыгармачыл болууну каалаган окуучуларга кандай кеңеш бересиң?
Эң башкысы – коркпогула. Өзүңөрдү башкалар менен салыштырбагыла. Ар кимдин өз жолу, өз үнү бар. Ырды же сөздү мажбурлап эмес, жүрөктөн чыгарыш керек. Чыгармачылык чыдамкайлыкты жана чынчылдыкты талап кылат.
Жыйынтык суроо
Чыгармачылык сенин жашооңдо кандай орунду ээлейт?
Чыгармачылык – менин жан дүйнөмдүн күзгүсү. Ал менин үнүм, менин тынчтыгым, кээде айтылбай калган сөздөрүм. Чыгармачылыксыз мен өзүмдү толук элестете албайм.
Өз окурмандарыңа же угуучуларыңа айта турган сөзүң барбы?
Эгер менин сөзүм силерге ой салса, жүрөгүңөрдү козгосо – бул мен үчүн эң чоң сыйлык. Тыңшап, сезип, ишенип бергениңер үчүн ыраазычылык билдирем. Ар бир айтылган сөз жүрөктөн жүрөккө жетсин.
Урматтуу Зиябиддин!
Сөз өнөрүнө болгон сүйүүң, поэзияга берилген таза ниетиң жана сахнадагы ишенимдүү кадамдарың сени ар дайым бийиктиктерге жетелесин. Калемиң курч, оюң терең, жүрөгүң илхамга бай болсун. Ар бир жазган ырың окурмандын жүрөгүнө жол таап, ар бир көркөм окууң угармандын эсинде калсын.
Алдыңда ачыла турган жолдор жарык, максаттарың улуу, ийгиликтериң үзгүлтүксүз болсун. Элге кызмат кылган, сөздүн баркын билген акын болуп өсө бер! Биз сага ишенебиз жана ар дайым колдойбуз.
Жазган: Аида Карыбекова
Амина Маратбекова