“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Органика ассоциациянын жыйыны болуп өттү

3 Февраль 2026 жыл 21:28
Көрүүлөрдүн саны: 92

Бүгүн, 3-февралда депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө арналган «Органика – Агродиалог» аталышындагы жыйын болуп өттү.

Махабат Мавлянова
Иш-чаранын максаты – органикалык айыл чарбасын системалуу өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик органдар, фермерлер, ишкерлер жана илимпоздор ортосунда натыйжалуу диалог түзүү болду.
Жыйындын катышуучулраы
Иш-чарага мамлекеттик орган өкүлдөрү, агрардык илимдин адистери, органикалык продукция өндүрүүчүлөр, сертификаттоочу уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Депутат Махабат Мавлянова органикалык айыл чарбанын өлкө үчүн стратегиялык маанисин белгиледи. «Органикалык айыл чарба — бул экологиялык таза азык-түлүк гана эмес, бул дыйкандардын кирешесин көбөйтүү, экспорттук потенциалды кеңейтүү жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу маанилүү багыт. Бүгүнкү «Органика – Агродиалог» жыйыны мамлекеттик органдар менен өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы ачык диалогду күчөтүп, тармакты өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет», — деди эл өкүлү.

Жыйындын жүрүшүндө органикалык айыл чарбасындагы учурдагы абал, сертификация жана стандарттар, экспорттук мүмкүнчүлүктөр, инвестиция тартуу маселелери жана дыйкандардын практикалык тажрыйбалары боюнча баяндамалар жасалды. Талкуунун алкагында тармакты өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү сунуштар айтылып, пикир алмашуулар болду.
Жыйынга жети дубандан келген фермерлер катышты.

Даярдаган: Алгожоева Жанар