“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Зордук зомбулукка карата иш-чара өткөрүлдү

8 Февраль 2026 жыл 22:38
Көрүүлөрдүн саны: 73

Күнтуу айыл өкмөтүнүн демилгеси менен «Зордук-зомбулукка жана рэкетчиликке жол жок!» аттуу маанилүү конкурс жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Коомдо тынчтыкты, ынтымакты жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталган бул иш-чарага айыл аймагындагы 7 жалпы билим берүү мектеби активдүү катышты.

Конкурстун жобосуна ылайык ар бир команда курамында 1 окуучу, окуучунун класс жетекчиси жана ата-энеси менен катышып, билим берүү менен тарбиянын, үй-бүлө менен мектептин тыгыз байланышын даңазалашты.

Иш-чаранын жүрүшү мазмундуу жана чыгармачыл багытта өтүп, командалар төмөнкү этаптар боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты:

Саламдашуу,

Суроо-жооп,

Чыгармачылык номер,

Кол өнөрчүлүк иштери,

Жыйынтыктоо бөлүгү.

Ар бир этапта катышуучулар зордук-зомбулукка жана рэкетчиликке каршы өз ойлорун, көз караштарын көркөм сөз, сахналаштыруу жана кол эмгектери аркылуу таасирдүү жеткире алышты.

Конкурстун жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен:

1-орунду Мария Суранчиева атындагы окуу-тарбия комплекси;

2-орунду Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектеби;

3-орунду Касым Тыныстанов атындагы орто мектеби багындырышты.

Бул конкурс коомчулукту зомбулуксуз, адилеттүү жана тынч коомду түзүүгө үндөгөн, тарбиялык мааниси зор иш-чара катары катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн эсинде калды.Конкурстун жүрүшү суу

Ал эми конкурска катышкан ата-эне катары Убайгул Догдурова  айымдар да кепке тарттык.

Бул конкурс тууралуу алгач укканда кандай ойдо болдуңуз?

— Конкурс тууралуу укканда жакшы ойдо болдум.

Балаңыз менен бир командада катышуу сизге кандай сезимдерди тартуулады?

— Балам менен бир команда болуп катышуу мен үчүн абдан жагымдуу болду. Башталгыч класста да ушундай биргеликте катышкан учурларым эсиме түшүп, өзгөчө жакшы сезимдерди жаратты.

Даярдык көрүү учурунда үй-бүлөңүздө кандай өзгөрүүлөр байкалды?

— Конкурска даярдык көрүү маалында үй-бүлөбүздө чоң жоопкерчилик бар экенин дагы бир ирет сездик.

Зордук-зомбулук темасында балаңыз менен ачык сүйлөшүүгө шарт түзүлдүбү?

— Ооба, бул конкурс бала менен ачык сүйлөшүүгө жакшы шарт түздү деп ойлойм.

Мындай иш-чаралар балдардын тарбиясына кандай таасир берет деп эсептейсиз?

— Бул сыяктуу иш-чаралар балдарды зордук-зомбулукка кабылбоого, рекетчилик жана уурулуктан алыс болууга тарбиялайт. Ошондой эле башка мектептерден келген окуучулардын көрсөтүүлөрүн көрүп, ойлонууга түрткү берет.

Ата-эне катары бул конкурстан өзүңүз кандай сабак алдыңыз?

— Ата-эне катары мен бул конкурстан чоң сабак алдым. Балдарга зомбулук көрсөтпөстөн, аларды түшүнүү менен тарбиялоо керек экенин дагы бир жолу аңдадым.

Мектеп менен ата-эненин биргелешип иш алып баруусунун мааниси тууралуу эмне айта аласыз?

— Мектеп менен ата-эненин биргелешип иш алып баруусу өтө маанилүү экенин сездим. Ата-эне дайыма мектеп менен тыгыз байланышта болушу керек.

Балаңыздын кандай сапаттары ачылды деп ойлойсуз?

— Баламдын чыгармачылык жана лидерлик сапаттары жаш кезинен эле байкалчу. Ал мугалимдер берген тапшырмаларды так аткарууга аракет кылат.

Зордук-зомбулукту алдын алууда ата-эненин ролу кандай болушу керек?

— Бул маселеде ата-эненин ролу абдан чоң. Балдарга көбүрөөк көңүл буруп, мектептен келгендеги маанайын, кимдер менен мамиледе жүргөнүн байкап, көзөмөлдөп туруу зарыл. Бала чоңойсо да, ата-эне үчүн ал дайыма бала бойдон калат.

Мындай конкурстар мындан ары да өткөрүлсө, катышууга даярсызбы?

— Албетте, дайыма даярмын. Мектеп менен бирге кадам таштап, мындай пайдалуу конкурстарга катышуудан эч качан баш тартпайм.

Сиздин ушинтип балаңызды колдоп мектеп жамаатына колдоп коштоп жургонунуз үчүн чооң рахмат.

Бул конкурстагы калыстар тобунун мүчөсү баатыр эне, ,,Ырыс-Таалай» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Майрамкүл Беделбаева менен маек куруп, конкурс боюнча оюн угуп көрүүнү чечтик.

Рекетчилик жана зордук-зомбулук — бүгүнкү күндүн эң кооптуу социалдык көйгөйлөрүнүн бири. Ал окуучулардын окуу процессинде, көчөдө, үй-бүлөдө жана коомдук чөйрөдө моралдык-психологиялык жактан олуттуу терс таасир тийгизүүдө. Айрыкча бала балакатка жете элек куракта турганда, туура эмес таасирлер анын келечегине чоң көлөкө түшүрөт.

Коомдо жаштар үчүн коркунучтар көп. Алардын эң башкысы — үй-бүлөдөгү тарбия. Эне-атанын балага болгон мамилеси өзгөчө маанилүү. Көңүл бурбай коюу, тарбия бербестен жемелөө, кемсинтүү же басынтуу баланын рухун түшүрүп, өзүнө болгон ишенимин жок кылат. Колунда бар же колунда жок ата-эне болобу — ар биринин таасири балага да, мектеп жамаатына да түздөн-түз тийет.

Командаларды баалоо учурунда эң негизги көңүл сценарийге, программаны жеткире аткарууга бурулду. Жалпысынан даярдык жакшы болгону менен, аткаруу деңгээли айрым командаларда жетишсиз болуп калды. Ошол эле учурда үч команда өзгөчө айырмаланып чыкты.

Суранчиева мектеби жана Капарова мектеби теманы так ачып, жогорку деңгээлде актердук чеберчилигин көрсөтө алышты. Бул командалардын өнөрү, мазмуну жана таасирдүүлүгү өзгөчө болду.

Мындай конкурстарды бат-баттан уюштуруу абдан маанилүү. Себеби ал жаштарга да, жалпы коомго да чоң тарбиялык таасир берет. Дал ушундай иш-чаралардын арасынан келечекте илимдүү, таланттуу, коомго пайдалуу инсандар чыгат деп ишенем.

Калыс болуу — жюри үчүн оңой эмес. Ар бир ишти адилет баалап, жоопкерчилик менен чечим чыгаруу талап кылынат. Бирок кандай гана шарт болбосун, калыстык — негизги принцип болуп калышы керек.

Зордук-зомбулуктун алдын алуунун эң биринчи жолу — үй-бүлөлүк тарбия. Эң өкүнүчтүүсү, айрым учурларда адамдар адамдык баалуулуктарды биринчи орунга койбой, дүнүйө жыйноону гана көздөп калышты. Кыргыз элинин өзүнө таандык каада-салты, тарбиялык наркы унутулуп баратат. Коомдун аң-сезими оңолмоюнча, зордук-зомбулук толук жоголот деп айтуу кыйын.

 

Урматтуу Майрамкүл Беделбаева айым сиздин  дагы ишиңизге ийгилик каалайм. Бизге убактыңызды бөлүп келип маек куруп бергениңизге терең ыраазычылык билдирем.

Жазган: Аида Карыбековна

Джолчубекова Айдай