“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

«Алтын казык» ноутбуктары келечек муунду окутууга чоң мүмкүнчүлүк.

10 Февраль 2026 жыл 22:17
Көрүүлөрдүн саны: 75


Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн кубанычтуу жаңылык орун алды. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан берилген «Алтын казык» ноутбуктарына башталгыч класстын мугалимдери ээ болушту.

Бул колдоо – мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүн заман талабына ылайык жүргүзүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк түзгөн маанилүү кадам. Санариптик технологиялар менен камсыз болуу аркылуу сабак өтүү процесси дагы да жанданып, көргөзмөлүүлүк, ыкчамдык жана натыйжалуулук жогорулайт. Окуу материалдарын даярдоо, интерактивдүү сабактарды уюштуруу, электрондук ресурстарды колдонуу сыяктуу иштер мугалимдер үчүн бир топ жеңилдейт.

 

Мугалимдер жамааты

Ноутбук алып кубанычы койнуна батпай жаткан ушул эле мектептин башталгыч классынын мугалими Аксана Шалтаева биз менен кубанычын тең бөлүштү.
Алтын казык» ноутбугун алуу мен үчүн абдан маанилүү болду. Бул заманбап билим берүүгө жасалган чоң колдоо деп эсептейм. Алгач ноутбук колума тийгенде, сабактарды жаңы форматта, кызыктуу жана натыйжалуу өтүүгө мүмкүнчүлүк ачылганын дароо сездим.
Сабак өтүү процессинде ноутбук чоң жеңилдиктерди алып келет деген ойдомун.Убакыт үнөмдөлөт, материалдар алдын ала даярдалат, теманы түшүндүрүү балдарга жеткиликтүүрөөк болот. Айрыкча презентация, видео, интерактивдүү тапшырмалар сабакты жандандырат.
Санариптик каражаттарды колдонуу окуучулардын кызыгуусун арттырат. Балдар экран аркылуу берилген маалыматты бат кабыл алышат, сабакка активдүү катышып, суроо берип, ойлорун ачык айта алышса керек
Ноутбук аркылуу өзгөчө математика, кыргыз тили, адабий окуу, мен жана дүйнө сабактарын өтүү кызыктуураак болсо керек. Бул предметтерде сүрөт, видео, аудио материалдар чоң роль ойнойт.
Электрондук материалдар, презентациялар жана видеосабактар башталгыч класстын окуучулары үчүн абдан пайдалуу. Анткени алардын көңүлүн буруп, элестетүү аркылуу үйрөнүүсүнө жардам берет деген үмүтөмүн.
Бул мүмкүнчүлүк мугалим катары кесиптик өсүшүмө чоң салым кошот. Өзүмдү өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды үйрөнүүгө, чыгармачылык менен иштөөгө түрткү берет.
Заманбап технология менен иштөө мугалимден жаңы жоопкерчиликти талап кылат. Тактык, даярдык, санариптик сабаттуулук жана үзгүлтүксүз өнүгүү негизги талап .
Билим берүү жана илим министрлигинин мындай колдоосу мугалимдерге чоң дем-күч берди. Эмгегибиз бааланып жатканын сезип, дагы жоопкерчилик менен иштөөгө шыктандырды.
Ноутбук менен сабак өтүү окуучулардын билим сапатын жогорулатат деп ишенем. Анткени сабактар кызыктуу, түшүнүктүү жана заман талабына ылайык өтүлүүдө.
Мындай шарт түзүп берген мамлекетке жана министрликке терең ыраазычылык билдирем. Келечекте да билим берүү тармагына колдоо уланып, мугалимдердин эмгеги ар дайым баалана берсе деген тилегим бар……
Ал эми мектептин башталгыч классынын мугалими Бекташ Эргашов менен да маек куруп,,таратылган ноутбук боюнча пикирин уктук.
Мен ойлоймун,бул мезгил талабы жаңылануу,ноутбуктарды пайдалануу окуу процессини жакшыртат,мугалимге чон жардам деп ойлоймун. Окуучулардын өздөштүрүүсун,кызыгуусун арттырат.
Мындай колдоо башталгыч класстын мугалимдерине дем берип, окуучуларга сапаттуу билим берүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. «Алтын казык» ноутбугу — билим берүү системасындагы жаңылануунун, мугалимге болгон ишенимдин жана камкордуктун айкын белгиси.
Бул кубанычтуу жаңылык жалпы жамааттын эмгекке болгон шыктануусун арттырып, келечек муунду тарбиялоодо сапаттуу билим берүүгө бекем пайдубал түзөөрү шексиз.
Даярдаган: Аида Карыбековна
Раяна Бейшенбекова