Айыл чарбасы – элет элинин жашоосунун негизи. Дыйкан талаага үрөн сепкенде, багбан көчөт тиккенде эң оболу сугат суусуна таянат. Анткени суу бар жерде – береке, эмгек бар жерде – үзүр бар. Ушул өңүттөн алганда, Күнтуу айыл аймагындагы сугат суусу маселеси учурда коомчулуктун көңүл чордонунда турган эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.
Айрыкча вегетация мезгилинде сугат суусунун тартыштыгы жылдан-жылга күчөп, аймактагы дыйкандардын ишине түздөн-түз таасирин тийгизип келүүдө. Айдоо аянттарынын кеңейиши, суу булактарынын азайышы жана ирригациялык инфраструктуранын эскириши бул маселени ого бетер курчутууда. Ушуга байланыштуу Күнтуу айыл аймагында БСР (башкы суу бөлүштүргүч) куруу маселеси орчундуу бойдон калууда.
Жумушчу топ
Бул көйгөйдү чечүү максатында бүгүнкү күндө тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен биргеликте практикалык иштер башталды. Тактап айтканда, жеринде абалды так аныктоо, суу өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана техникалык шарттарды баалоо багытында иштер жүргүзүлүүдө. Учурда мамлекеттик каттоо кызматынын адистери тарабынан топосъёмка иштери аткарылып, аймактын рельефи, суу жүрүү багыттары жана курулушка ылайыктуу участоктор такталууда.
Иш үстүндө
Адистердин айтымында, бул этап – келечектеги ири иштин пайдубалы. Анткени документтештирүү иштери толук бүткөндөн кийин гана аткаруу бийлигине БСР куруу боюнча негиздүү жана так сунуштар берилет. Бул сунуштар техникалык, экономикалык жана социалдык жактан дыкат каралып, айыл чарбасына узак мөөнөттүү пайда алып келиши керек.
Жергиликтүү тургундар да бул демилгеге чоң үмүт артып турушат. Себеби БСР курулса, сугат суусу адилеттүү бөлүштүрүлүп, айдоо аянттары өз убагында сугарылып, дыйкандардын мээнети акталмак. Бул өз кезегинде түшүмдүүлүктүн жогорулашына, элдин кирешесинин көбөйүшүнө жана айылдын экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөт.
Күнтуу айыл аймагында көтөрүлгөн бул маселе – бир гана сугат суусу тууралуу эмес, бул – айылдын келечеги, дыйкандын үмүтү, жердин берекеси тууралуу маселе. Мамлекеттик мекемелер менен жергиликтүү бийликтин биргелешкен аракети, элдин колдоосу менен бул көйгөй жакынкы келечекте оң жагына чечилет деген ишеним чоң.
Берекелүү жерге суу жетсе, Күнтуу айылынын талаалары кайрадан көгөрүп, эмгектин үзүрү мол болору шексиз.
Ошондой эле бул маанилүү процесске Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева активдүү катышып, топосъемка жүрүшүнө жеринде катышты. Эл өкүлүнүн мындай процесске катышуусу суу маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруунун айкын далили болуп, жергиликтүү калкка дем-шык берип турат.
Жазган: Айдай Джолчубекова
Аида Карыбекова