Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагынын жашоочуулары жана Сокулук районунун администрация башчысы аким Илияз Ташкулов менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда айыл аймактагы сугат суу,электр энергиясы,спорт аянтчалары жана жер боюнча маселелер козголду. Кызыл–Туу айылынын тургуну Мыктыбек Сазбаков:Токбай айылынын каналы 2018 -жылы оңдоо иштери башталган,ушул күнгө чейин бүтпөй жатат.
Акимге беш жолу барып айттым,эч тыянак жок. Быйыл Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары , айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги азык түлүк программасын көтөрүп чыгып жатат,таза тамактануу суудан жана топуракка байланыштуу -деп суу маселесин чечип берүүнү акимден суранып кетти. “Токбай каналынын 700метр аралыгы бүтпөй калган,быйылкы жылы бүтүрүп беребиз.Жыламыш суусунан эки БСР(сезондук суу сактагыч) түшүп жатат,Маловодное айылына суу келет. Дачага да канал тартуу чечилет “- деп жооп берди Суу чарбачылыгынын райондук башкармалыгынын башчысы Мирзат Өмүркулов.
Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиев Новое айылынын жаңы салына турган мектебинин жери такталып жатат, жер дайын болсо курулуш иштери башталат-деп билдирди. Жыйын айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчёту менен башталып, суроо жооп менен жыйынтыкталды.
Даярдаган Жанар Алгожоева
Айсулуу Нурматова