Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде ,,Алтын казык – доор өзгөрткөн билим” аталышында 12 жылдык билим берүү системасына арналган ачык эшик күнү болуп өттү.
Иш-чарага 1-2-,,а” жана 2-,,б” класстарынын окуучулары катышып, класстын жетекчилери Сайкал Азатбек кызы жана Зарема Атамкулова тарабынан мазмундуу ачык сабактар уюштурулду. 
Ачык саатка окуучулардын ата-энелери да активдүү катышып, балдарынын билим алуу процессине күбө болушту.
Алгач окуучулар менен заманбап усулдар колдонулган кызыктуу ачык сабак өтүлдү. Сабакта түрдүү интерактивдүү ыкмалар, жасалма интеллекттер менен, логикалык тапшырмалар жана топтук иштер колдонулуп, окуучулар өз билимдерин эркин көрсөтө алышты.
Андан соң, ата-энелер үчүн өзүнчө тренинг уюштурулуп, 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары жана ата-эненин ролу тууралуу кеңири маалымат берилди. Тренинг учурунда кызыктуу оюндар, суроо-жооптор жана талкуулар өткөрүлүп, ата-энелердин сабакка болгон кызыгуусу жана мектеп менен кызматташтык мамилеси артты.
Иш-чаранын жыйынтыгында ата-энелер билим берүү системасындагы жаңыланууларды жакындан түшүнүп, балдардын ийгилиги үчүн мектеп менен биргеликте иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти. Сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучуларга жакшы маанай жана пайдалуу маалымат тартууланды.
Даярдаган: Аида Карыбековна
Раяна Бейшенбекова