15-февраль — Афган согушунун ардагерлеринин күнү. Бул дата мекен алдындагы ыйык милдетин аткарып, оор сыноолорду башынан өткөргөн жоокерлерди эскерүү жана урматтоо күнү катары белгиленип келет.
Ушул маанилүү күнгө карата 11-февраль күнү Гүльсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде Күнтуу айыл аймагындагы Афган, Баткен жана Тажик согушунун ардагерлери менен жолугушуу уюштурулду.
Иш-чарага ондон ашуун ардагер катышып, окуучулар менен жылуу маанайда баарлашуу өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер өздөрүнүн аскердик кызматтагы эскерүүлөрү, достук, мекенчилдик жана адамдык баалуулуктар тууралуу ой бөлүшүштү.
Окуучулар көкүрөгүндө мекенге болгон сүйүү, тынчтыкка болгон урмат сезимдерин ойготкон суроолорун берип, канааттандырарлык жоопторду алышты. Бул баарлашуу жаш муун үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ болду.
Мындан сырткары, ардагерлердин урматына сый тамак уюштурулуп, мектеп жамааты тарабынан алардын мекен үчүн жасаган эрдиктерине терең таазим кылынды. Каармандардын кайратмандыгы, сабырдуулугу жана мекенчилдиги ар дайым үлгү болуп кала берери белгиленди.Мындай жолугушуулар жаш муунду патриоттуулукка, тарыхты урматтоого жана тынчтыктын баркын билүүгө тарбиялайт. Мекен үчүн кызмат өтөгөн ардагерлерге урмат көрсөтүү — ар бирибиздин ыйык парзыбыз.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова Аида Карыбекова