Райондук деңгээлде Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнүн 37 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.
Бул күн — тарыхтын оор барактарын эске салган, эрдик менен кайраттуулуктун символуна айланган өзгөчө дата.
Иш-чара алгач Сокулук районунун борборундагы Жеңиш паркында гүл коюу аземи менен башталды. Ооган согушунун ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жаштар коомчулугу чогулуп, курман болгон жоокерлердин жаркын элесине таазим кылышты.
Бир мүнөттүк эскерүү жарыяланып, Ата Мекен үчүн башын сайган эр-азаматтардын эрдиги урмат-сый менен эскерилди.
Гүл коюу аземинен соң иш-чара Оазиз кафесинде уланды. Бул жерде ардагерлер үчүн сый-тамак уюштурулуп, чакан концерттик программа тартууланды. Жаш таланттар патриоттук ырларды аткарып, мекенчилдик темасындагы чыгармалар жаңырды. Ардагерлер өздөрүнүн согуш талаасындагы эскерүүлөрү менен бөлүшүп, жаш муунга тынчтыктын баркын билүүгө чакырышты.
Сөз сүйлөгөндөр Ооган согушу — тарыхтын татаал сыноосу болгонун, бирок ошол кыйын кезеңде мекендик милдетин абийир менен аткарган жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбасын баса белгилешти. Бүгүнкү бейпил жашоонун артында дал ошол баатырлардын кайраты, чыдамкайлыгы жана мекенге болгон берилгендиги турганы айтылды.
Бул эскерүү иш-чарасы — муундар ортосундагы байланыштын бекемделишине, патриоттук тарбиянын чыңдалышына өбөлгө болду. Ардагерлерге болгон урмат — бул тарыхка болгон урмат. Алардын каармандыгы жаштар үчүн үлгү, ал эми тынчтык — эң улуу баалуулук экендиги дагы бир ирет тастыкталды.
Даярдаган:Айдай Джолчубекова Аида Карыбекова