Чүй облусунунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде билим берүү процессин заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүү максатында акылдуу коңгуроо орнотулду.

Акылдуу коңгуроо
Бул жаңылык мектеп жамааты үчүн чоң жетишкендик болуп, окуу тартибин так сактоого, сабактардын өз убагында башталып, өз убагында жыйынтыкталышына ыңгайлуу шарт түздү.
Акылдуу коңгуроонун орнотулушуна мектептин ата-энелер жамааты, мугалимдер жамааты жана мектеп директору өздөрүнүн демөөрчүлүк колдоолорун көрсөтүп, ар бири чын дилден салым кошушту. Бул демилге — билимге болгон камкордуктун, мектепке болгон жоопкерчиликтин жана биримдиктин жаркын үлгүсү.
Акылдуу коңгуроо койгонго демөөрчүлүк кылган ата- энелер менен да маек кылып оюн угуп көрдүк. Алардын бири Матекова Анархан :
«Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Айдай Джолчубекованын талыкпай эмгектенип, изденүүсүнүн негизинде, кичинекей биздин 393 бала окуган мектепке ушундай бир жаңылык киргизди.
16-февраль күнү мектепте кыргыздын комуз күүлөрү коштогон, кезекчи мугалимге түйшүк жаратбаган, жада калса сабакка позитивдүү сүйлөп чакырган даяр диктор менен сонун «Акылдуу коңгуроо» орнотуп берди.
Ошону менен бирдикте баса айтып кетчү нерсе, окуучулар коридордо жүргөндө баары бири — бирине жылмайышып, маанайлары көтөрүлүшүп сабакка көңүлдүү киришет экен.Акылдуу коңгуроонун коштоосу менен акылдуу балдар тарбияланып чыга берсин , Айдай Джолчубековага ишине ийгилик каалайм, кичинекей мектептин өнүгүүсүнө,, өсүп чоңоюшуна , канчалаган жаш муундардын келечегин заманбап билим алууларын, заманбап мектепте окуусуна аябай жан дили менен аракет кылып чоң эмгек жаратып жүрөт, эмгегинин үзүрүн көрүп, чыгармачылык ишмердүүлүгү менен талыкпай эмгек жарата берсин «- деп билдирди. Айтылган пикиринизге терең ыраазычылык билдирем. Мектеп менен ата-эненин тыгыз кызматташуусу ар дайым жакшы жыйынтыкка алып келерин дагы бир ирет далилдеди. Мындай колдоонун аркасында окуучуларыбыз үчүн коопсуз, тартиптүү жана заманбап шарттар түзүлүүдө.
Жалпы демөөрчүлүк көрсөткөн ата-энелерге, мугалимдер жамаатына жана мектеп жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз. Биргелешкен аракет менен дагы көптөгөн жакшы иштерди жүзөгө ашырарыбызга ишеним чоң!

Коңгуроонун компьютерге орнотушу
Даярдаган: Аида Карыбекова,
Амина Маратбекова