Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 2016-жылкы бүтүрүүчүсү Алимбек Сатыбалдиев мырза бүтүргөнүнө 10 жыл толгондугуна байланыштуу мектебине өзгөчө белек тартуулады.

Белек тапшыруу
Ал өзүнүн жеке каржылоосу менен мектепке жаңы түстүү принтер жана эки видео камера алып келип берди. Бул — бүтүрүүчүнүн билим уясына болгон терең урмат-сыйынын, ыраазычылыгынын жана келечек муундарга болгон камкордугунун айкын далили.
Мектеп жамаатынын улуу муундагы ардактуу эжекелери жана агайлары — Тепеева Рафа, Токтосунова Гульмира, Кенжебаева Бермет, Турсуналиев Бакыт Джамбылович, Эргашов Бекташ Киргизбаевич — өздөрүнүн ак баталарын берип, чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.
Алардын батасы төмөнкүдөй мазмунда жаңырды:
«Кылган сооп ишиңиз берекелүү болсун!
Мектебиңизге кылган кызматыңыз элге кызмат кылган менен барабар.
Ырыскыңыз артып, ишиңиз илгерилей берсин.
Жакшылыктын үрөнүн септиңиз — анын жемишин өзүңүз да, элиңиз да көрсүн.
Өмүрүңүз узун, ден соолугуңуз чың болуп, ар дайым эл алкышына бөлөнүп жүрүңүз!»
Улуу муундун ак батасы — бул чоң бакыт жана чоң ишеним.
Мектеп жамааты дагы бир жолу Алимбек Сатыбалдиев мырзага терең ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалайт.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова, Аида Карыбекова