“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Чет тилдер декадасы – билим менен маданияттын майрамы

28 Февраль 2026 жыл 17:56
Көрүүлөрдүн саны: 71

Чүй облусунун Сокулук районундагы  Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде англис тили жана орус тили декадасынын салтанаттуу жыйынтыктоочу иш — чарасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш чара учурунда

Бул иш чара окуучулардын чет тилдерге болгон кызыгуусун арттырып, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.
Англис тили мугалими Кеңешбекова Нурайым  жетекчилиги алдында 3–10-класстардын окуучулары активдүү катышып, ыр-бий, сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты. Ар түрдүү чет тилдүү элдердин маданиятын, каада-салтын, улуттук кийимдерин жана искусствосун чагылдырган чыгармалар көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады. Окуучулар англис тилинде эркин сүйлөп, өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен декаданын максатына жетишкенин далилдей алышты.

Окуучулардын катышуусу

Ал эми орус тили мугалимдери Матекова Анархан  жана Турсуналиев Бакыт агай жетектеген 2–10-класстардын окуучулары да мазмундуу программа даярдашты. Ыр-бийлер, көркөм окуулар жана кызыктуу суроо-жооптор аркылуу келген коноктордун көңүлүн буруп, орус тилинин бай маданиятын жана көркөм дүйнөсүн даңазалашты. Окуучулардын сахнага ишенимдүү чыгышы, тилди так жана көркөм колдонушу иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн айгинеледи.
Жыйынтыгында декада окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да жемиштүү болуп, тил үйрөнүүгө болгон кызыгуу дагы да күчөдү. Мындай иш-чаралар келечекте да уланып, жаш муундун билим сапатын арттырууга чоң салым кошоору шексиз.
Даярдаган: Аида Карыбекова, Раяна Бейшенбекова