Күнтуу айыл өкмөтүндө аймакты көрктөндүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана жаш муунга жашыл чөйрө түзүү максатында ири көлөмдөгү жашылдандыруу иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү.

Бакчаларды отургузуу учурунда
Бул саамалык айыл аймагындагы бала бакчаларга, мектептерге жана башка социалдык мекемелерге багытталып, көчөттөр бөлүштүрүлүп, отургузуу иштери уюшкандыкта өткөрүлдү.
Жашылдандыруу ишинин алкагында жалпысынан 303 даана көчөт сатылып алынып, ал көчөттөр дээрлик 166400сомду чапчыган.Көчөттөр тиешелүү аймактарга отургузулду. Алардын курамы төмөнкүчө:
Тянь-Шань карагайы – 22 даана
Көк карагай – 24 даана
Кайың – 61 даана
Тал – 15 даана
Алма – 60 даана
Катальпа – 50 даана
Крым карагайы – 11 даана
Кадимки карагай – 40 даана
Эмен – 20 даана

Балаты отургузуу
Бул көчөттөрдүн ар бири айылыбыздын климаттык шартына ылайык тандалып алынып, келечекте көлөкө берип, абаны тазалап, жаратылыштын көркүн арттыра турган дарактар болуп эсептелет. Өзгөчө билим берүү мекемелеринин айланасын жашылдандыруу – өсүп келе жаткан муунду жаратылышты сүйүүгө, аны коргоого жана кам көрүүгө үндөйт.
Жашылдандыруу ишине айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мекеме жамааттары жана жергиликтүү тургундар активдүү катышып, биргелешкен эмгектин үлгүсүн көрсөтүштү. Бул демилге – аймакты өнүктүрүү багытындагы туруктуу иш-аракеттердин бир бөлүгү.
Жашыл көчөттөр бүгүн отургузулса, эртең алар чоң дарак болуп, айыл элине пайдасын тийгизет. Табиятты коргоо жана айлана-чөйрөнү сактоо ар бир жарандын милдети. Күнтуу айыл өкмөтү бул багыттагы иштерди мындан ары да улантат.Жашыл аймак – ден соолуктун жана бакубат жашоонун кепилдиги
Даярдаган: Аида Карыбекова, Раяна Бейшенбекова