Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Кыргызстан китеп окуйт” аталышындагы 21 күндүк китеп окуу марафону салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды.

Марафон учурунда
Бул марафон окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттырып, ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана сахналык чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган мазмундуу иш-чара болду.
Марафон конкурстук таймаш форматында өтүп, ага 7–8–9–10-класстын окуучулары активдүү катышышты. Таймаш жалпысынан 6 этапты камтып, ар бир баскыч окуучулардын билим деңгээлин, тапкычтыгын жана чыгармачыл жөндөмүн ар тараптуу ачып берди:
1. Саламдашуу – командалар өздөрүн тааныштырып, ураандарын көркөм жеткиришти.
2. Китептин авторун табуу – чыгармалардан үзүндү берилип, авторлор аныкталды.
3. Чыгарманы жандандыруу – окуучулар каармандардын образын сахналаштырып, көрүүчүлөргө терең таасир калтырышты.
4. Тез жооп – ыкчамдык менен тактыкты талап кылган суроолор берилди.
5. Эгер мен автор болсом… – катышуучулар өз кыялындагы чыгармачылык дүйнөсүн сунушташты.
6. Жыйынтыктоо – ар бир команда өз ойлорун, алган таасирлерин жыйынтыктап беришти.
Таймаш жогорку деңгээлде өтүп, калыстар тобунун баалоосунун негизинде төмөнкү жыйынтык чыгарылды:
1-орун – 7-,,а” классы
2-орун – 9-,,а” классы
3-орун – 9-,,а” жана 8-класстар

Жыйынтыктоо
Мындан сырткары таймашка өзгөчө активдүү катышып, таланттуулугу жана шамдагайлыгы менен айырмаланган окуучуларга Ардак грамоталар тапшырылды.
Бул 21 күндүк марафон окуучулар үчүн жөн гана сынак эмес, китеп аркылуу дүйнө таанып, руханий азык алган, достукту бекемдеген, билимге болгон умтулуусун арттырган өзгөчө аянтча болду. Китеп окуу маданиятын жайылтууда мындай иш-чаралардын мааниси чоң экендиги дагы бир ирет далилденди.
Китеп – адамдын жан дүйнөсүнүн шам чырагы!
Мектеп директорунун милдетин аткаруучу: Айдай Джолчубекова өз сөзүндө:
«Китеп окуу марафону биздин мектепте алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Алгачкы жолу уюштурулса дагы ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер, класс жетекчилер аябай активдүү катышышып, балдары менен бирге китеп окушуп, электрондук китептерди QR-код менен чогуу окушуп, чыгарманын мазмунунда сүрөттөрдү бирге тартышып, китепканачы уюштурган суроо-жоопторго аябай активдүү 21 күн бою активдүү катышып беришти». Ал эми жалпысынан марафон таймаш, көркөм окуу, сүрөт тартуу жана суроо-жооп багытында кеңири жана эң жогорку деңгээлде мектептин китепканачысы Талжибек Токтобай кызы тарабынан уюштурулду. Талжибек Токтобай кызы өз жумушун мыкты билген, чыгармачыл жана ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн заманбап мугалим, учурдан пайдаланып жалпы ата-энелерге, мугалимдерге жана класс жетекчилерге терең ыраазычылык билдирүү менен китепканачы Талжибек Токтобай кызынын ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен бирге азаматсың деген алкоо сөзүн баса белгилеп айткым келет.

Окуучулардын катышуусу
Даярдаган: Аида Карыбекова, Нурайым Кеңешбекова