“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Куттуктоо

8 Март 2026 жыл 12:37
Көрүүлөрдүн саны: 91

Урматтуу Күнтуу айыл аймагынында жашаган кадырлуу апалар,эже — карындаштар!Сиздерди жаздын жарчысы болгон 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Аялзаты – үй-бүлөнүн куту, коомдун көркү, жашоонун жылуулугу. Сиздердин мээримиңиздер, акылмандыгыңыздар жана талыкпас эмгегиңиздер менен айылдын өнүгүүсүнө чоң салым кошулуп келет.
Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, үй-бүлөңүздөрдө бакыт, ынтымак жана береке болсун! Ден соолугуңуздар чың болуп, ар бир күнүңүздөр кубанычка толо берсин.
Сиздерди терең урматтоо менен Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы:Суюналиев Мирбек Болокбаевич!