“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Жасалма интеллект учур талабы

9 Март 2026 жыл 23:09
Көрүүлөрдүн саны: 95

Педкеңешмеде мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган тренингдер өткөрүлдү
2026-жылдын 6-март күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде III чейректин жыйынтыгы боюнча педкеңешме өткөрүлдү. Педкеңешмеде мектептин окуу-тарбия бөлүм башчысы, тарбия бөлүм башчысы жана социалдык педагог, профсоюз уюмунун төрайымы чейректик жыйынтык маалыматтарын берүү менен жасалган, аткарылган иштерге анализ берилип мектептеги жетишкендиктер баса белгиленип, кечиликтерди жоюга багытталган стратегиялык пландар түзүлүп, мөөнөттөрү аныкталды.
Мектеп администрациясынын маалыматтары берилгенден соң мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында мугалимдер аралык тренингдер уюштурулду.
Аталган тренингдерде мугалимдер өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, учурдагы билим берүү тармагындагы жаңычыл ыкмалар тууралуу кеңири маалымат беришти. Тактап айтканда, табигый илимдер усулдук бирикмесинин жетекчиси Аида Карыбекова «Жасалма интеллект – заманбап окуу талабы» аталышындагы тренингди өткөрүп, жасалма интеллекттин билим берүү тармагындагы орду, аны сабак учурунда колдонуу жолдору жана анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу катышуучуларга кеңири түшүндүрмө берди.
Тил усулдук бирикмесинин жетекчиси Нурайым Кеңешбекова «ТСОну колдонуу ыкмалары» темасында тренинг өтүп, техникалык окутуу каражаттарын сабакта натыйжалуу пайдалануу боюнча практикалык маалыматтарды сунуштады.
Ал эми башталгыч класстардын усулдук бирикмесинин жетекчиси Сайкал Азатбек кызы «12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүгү» аталышындагы тренингди уюштуруп, жаңы билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү жана анын артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берди.
Тренингдин жүрүшүндө кызыктуу оюндар уюштурулуп, интерактивдүү тапшырмалар аткарылды. Катышуучулар өз уюлдук телефондору аркылуу ар кандай билим берүүчү сайттар менен иштөөнү үйрөнүп, жасалма интеллектти колдонуу ыкмалары боюнча практикалык тажрыйба алышты.
Мындай иш чаралар мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүүгө жана билим сапатын арттырууга чоң салым кошот.
Педагогикалык кеңешме бир гана чейректик маалыматтар менен чектелбестен кызыктуу, заманбап тренинг, диспут жана ротация методу менен эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Жазган: Айдай Джолчубекова
Аида Карыбекова