“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Жаш спортчунун ийгилиги

9 Март 2026 жыл 22:32
Көрүүлөрдүн саны: 86

Бул макалада биз Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 7-классынын окуучусу, айылдын четиндеги, тоого жакын жайгашкан дачалардын биринде жашаган жаш дарбазачы —Бакирдинов Рамзан Бейшенбекович менен маек курдук. Жаш болсо да мектептин футбол курама командасынын дарбазачысы катары ийгиликтерди жаратып келет, максаты бекем, тартиби так бул өспүрүм өзүнүн спортко болгон сүйүүсү, күнүмдүк жашоосу жана чоң кыялдары тууралуу ой бөлүшту.

Жаш спортчу менен маек
— Өзүңдү тааныштырып өтсөң.
— Менин атым Бакирдинов Рамзан Бейшенбекович, учурда 7-,,а» класста окуйм. Жаш спортчумун.
— Кайсы спорт түрү менен машыгасың?
— Мен футбол спорту менен машыгам.
— Бул спортту качан жана эмне үчүн тандадың?
— Футболду 4 жашымдан бери ойнойм. Кичинемден бери топко кызыгып, футбол менин жашоомдун бир бөлүгүнө айланды.
Машыгуу жана күн тартиби
— Күн тартибиң кандай өтөт?
— Күнүм эрте башталат. Саат 7де туруп, малдарга чөп берем. Андан кийин мектепке барам. Саат 2де үйгө келип, үй жумуштарына жардам берем. Кийин кайра малга чөп берип, футболдук машыгууга кетем. Машыгуудан соң мечитке барып намаз окуйм, үйгө келип тамак ичип, тапшырмаларды аткарып сабакка даярданып алып уктайм. Эртең менен кайра ошол эле тартип уланат.
— Машыгуу оор болобу?
— Албетте, оңой эмес. Айрыкча дарбазачы болгондуктан жоопкерчилик чоң. Бирок эмгек менен баарына жетсе болот.
— Машыгууда сени ким колдойт?
— Мени эң көп атам колдойт. Ар дайым жанымда болуп, моралдык жана материалдык жактан жардам берет.
Жетишкендиктер
— Кайсы ийгиликтериң менен сыймыктанасың?
— Футболдон эки жолу “Эң мыкты дарбазачы” деген наамды алгам. Учурда эки медалым бар.
— Медаль алганда кандай сезимде болдуң?
— Абдан кубандым. Эмгегимдин текке кетпегени мени дагы да алдыга умтулууга шыктандырат.
Максат жана кыял
— Келечектеги максатың кандай?
— Менин кыялым — чоң футбол аянтчасында ойноо, мыкты футболчу болуу.
— Кайсы өлкөгө баргың келет?
— Келечекте Испанияга барып, футболдук карьерамды ошол жакта улантсам дейм.
Окуу жана спорт
— Окуу менен спортту кантип айкалыштырып жатасың?
— Убакытты туура бөлүүгө аракет кылам. Сабактарды калтырбай окуп, спортко да жетишем.
Жеке көз караш
— Спорт сага эмнени үйрөттү?
— Спорт мага дисциплина, чыдамкайлык жана жоопкерчиликти үйрөттү.
— Жаш спортчуларга кандай кеңеш бересиң?
— Эч качан жалкоолонбой, максаттан тайбагыла. Эмгек кылган адам сөзсүз ийгиликке жетет.
— Спорт менен алектенгиси келген досторуңа эмне дейсиң?
— Спорт — ден соолук, тарбия жана келечек. Ошондуктан коркпой аракет кылгыла дер элем.
Чөп салуу менен башталган жөнөкөй күн кечинде футбол талаасында чоң кыялдар менен уланат. Рамзандын тилеги — келечекте чоң футбол аянтчасында ойноп, бийик ийгиликтерге жетүү.
Ал эми Рамзандын Бактрдиновдун бул асыл кыялдарынын артында уулуна ишеним артып, ар дайым колдоо көрсөтүп келген атасынын орду өзгөчө. Жаш спортчунун ийгилигине кубанып гана тим болбостон, анын ар бир кадамына багыт берип, дем-күч болуп келген атасы менен да маек курбай кетүү мүмкүн эмес эле.
🎙Жаш спортчунун ийгилигинин артында — атанын ишеними
— Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.
— Менин атым Бакирдинов Рамиз Бейшенбекович. Уулум Рамзан мектеп жашындагы өспүрүм.
— Балаңыз кайсы спорт түрү менен машыгат?
— Алгач 5-класска чейин дзюдо менен машыгып, мелдештерге катышып жүрдү. Кичинесинен эле кызыгып ойноп жүрсө дагы толук кандуу 6-класстан тарта футболго ыктап, учурда футбол менен алектенип келет. Ошондой эле сууда сүзүүгө, күрөшкө жана ат минүүгө да кызыгат.
Спортко кызыгуунун башаты
— Балаңыз спортко кантип кызыгып калды? Сиздин таасириңиз болдубу?
— Мен бала кезде спорт менен машыгып, штанганы өзүм жасап көтөрүп, турникке асылып, жеңил атлетика менен алектенчүмүн. Ошол учурларымды айтып берип калчумун. Уулум “Мен да сиздей машыгам” деп кызыга баштады. Кийин спорттук инвентарларды алып бериңизчи деп суранды. Сатып бердим. Жоомарт агайы менен сүйлөшүп футболго бердик. Башында чабуулчу болуп жүрдү, кийин машыктыруучусу дарбазачылыкка шыгы бар экенин айтып, ошол багытта улантты.
Алгачкы жеңиштер
— Алгач спортко барганда кандай ойдо болдуңуз?
— Биринчи жолу “Мыкты чабуулчу” наамын алып келгенде аябай толкундангам. Жүрөгүм башкача согуп, сөз менен айтып жеткире алгыс сезимдер болду. Ата-эне үчүн баласынын ийгилиги — эң чоң сыймык.
Колдоо жана тарбия
— Балаңызга кандай колдоо көрсөтөсүз?
— Биринчиден, финансылык жактан жардам берүүгө аракет кылам. Айылда спорт зал жок болгондуктан Сокулукка барып машыгышат. Ар бир машыгууга каражат талап кылынат. Экинчиден, моралдык жактан колдойм. Оюнга барар алдында “Өзүңө ишен, так ойно, чырдаба” деп кеңеш берем. Ишенимим чоң экенин айтып турам.
— Машыктыруучу менен байланышып турасызбы?
— Албетте. Жоомарт агайы менен дайыма байланышып, баламдын жүрүм-турумун, жетишкендиктерин, кемчиликтерин сурап турам.
Окуу жана спорт
— Спорт окуусуна тоскоол болбойбу?
— Жок, терс таасир тийгизбейт. Убакытты туура бөлүүгө аракет кылат. Апасы күн тартибин түзүп берген. Эгер сабактан эскертүү алса, кошумча окуп толуктайт. Кээде жооптуу оюндарда сабактан суранып кетүүгө туура келет, бирок окуудан калбайт.
Жетишкендиктер
— Кайсы жетишкендиги сиз үчүн өзгөчө сыймыктуу?
— Дзюдодо мелдешке чыгып ийгилик жаратканын көргөнүм, медреседе Куранга түшкөнү, “Мыкты чабуулчу”, эки жолу “Мыкты дарбазачы” наамдарын алышы, 1-2-орун медалдары жана окууда отличник болушу — баары мени кубандырат. Учурда күрөшкө да барып жатат. Буюрса, андан да ийгиликтерди багындырат деп ишенем.
— Жеңишке жеткенде кандай сезимде болосуз?
— Жеңишке жеткенде сүйүнчүлөп чалат. Куттуктап сүйлөшкөн соң өзүмчө сыймыктанып, үй-бүлөм менен бөлүшүп, жан дүйнөм эргип калат.
Келечекке карата ой-пикир
— Балаңыздын келечегин кандай элестетесиз?
— Рамзан футболчу болом дейт. Биз болсо алгач билим алып, кесип ээси болуп, анан спортту улант деп кеңеш беребиз. Келечекте өзү эңсеген кесиптин ээси, мыкты спортчу, эң башкысы адамдык сапаты бийик инсан болсун деп тилейм.
💬 Кеңеш
— Жаш спортчулардын ата-энелерине эмне айтат элеңиз?
— Баланын кыялын уккула, колдогула. Башка балдар менен салыштырып, ишенимин сындырбагыла. Кайсы спортту тандабасын, туура жолдо баруусуна шарт түзүп, дайыма коштоп жүрүү керек.
Демек, жаш дарбазачынын кыялы жалгыз эмес — анын артында үй-бүлөнүн бекем колдоосу, ата мээрими жана ишеним бар. Мына ушундай биримдик жана түшүнүшүү чоң ийгиликтердин башаты экени талашсыз.
Айыл четиндеги дачадан башталган бул кыял келечекте кең талааларга жол ачарына ишеним чоң. Жаш дарбазачынын эмгекчилдиги жана өжөрлүгү — теңтуштарына үлгү болчу сапат.

Жазга: Аида Карыбекова
Амина Маратбекова