“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Органик топурактан башталат

11 Март 2026 жыл 9:55
Көрүүлөрдүн саны: 57

Депутат М.Мавлянованын демилгеси менен органикалык жер семирткичтер боюнча тегерек стол өттүДепутат Махабат Мавлянова

3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен “Органикалык жер семирткичтер: сапаты, сертификациялоо жана рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү” аттуу тегерек стол уюштурулду.

Максаты – органикалык айыл-чарбасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана органикалык жер семирткичтердин өндүрүшүн колдоону талкуулоо болду.

Иш-чарага Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, илимпоздор, органикалык жер семирткич өндүрүүчүлөр жана тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө органикалык жер семирткичтер рыногунун учурдагы абалы, экспорт, мамлекеттик органдар, илимпоздор жана дыйкандар ортосундагы кызматташтык талкууланды.

Ошондой эле ички жана тышкы рыноктор үчүн сапат стандарттарын камсыз кылуу жана сертификациялоо, органикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрүн колдоо механизмдери боюнча маалымат алмашуу болду.

Иш-чаранын алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөр өз продукцияларын тааныштырышты. Жүндөн, биогумустан, биокомпосттон ж.б. жасалган органикалык жер семирткичтер тууралуу маалымат берилди.

Эл өкүлү Махабат Мавлянова органикалык айыл-чарбасын өнүктүрүү багытындагы иштер мындан ары да улантыларын жана бул багыттагы мыйзамдык жана уюштуруучулук колдоо күчөтүлөрүн белгиледи. «Органикалык жер семирткичтерди өндүрүү ,топурактын асылдуулугун жакшыртуу жана таза тамактануу учурдун талабы. Өлкөбүздө органикалык аймактарды көбөйтүү жана органикалык азык — түлүктөрдү өндүрүп кардарларга жеткизүү башкы милдетибиз»- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова.

 

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар органикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү колдоо, сертификациялоо механизмдерин өркүндөтүү, мамлекеттик жана жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча бир катар сунуштарды иштеп чыгышты

Даярдаган:Алгожоева Жанар