Республикалык олимпиаданын облустук этабынын жеңүүчүлөрү сыйланды
2026-жылдын 11-мартында Чүй облустук усулдук билим берүү борбору тарабынан мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын III (облустук) этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чара билим берүү тармагындагы жетишкендиктерди даңазалап, окуучулардын илим-билимге болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.
Салтанаттуу жыйында Чүй облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси Султанов Райымбек Карагулович куттуктоо сөз сүйлөп, жеңүүчүлөргө ардак грамоталарды тапшырды. Ошондой эле Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усеналиев Марат Джолдошбекович катышып, окуучуларга алдыдагы Республикалык олимпиаданын IV этабында ийгиликтерди каалады.
Облустук этапта Сокулук району боюнча байгелүү орундарды ээлеген окуучулар төмөнкүлөр:
1-орун
Тарых – Алиева Айганыш Кудайбергеновна (Военно-Антоновка ЖББ мектеби)
Химия – Абдикаримова Раяна Шекербековна (И. Айдарбеков атындагы ЖББ мектеби)
2-орун
Математика – Айнакулова Айман Маратовна (И. Раззаков атындагы ЖББ мектеби)
Биология – Алыбаев Асхат Муратович (Silk Way эл аралык мектеби)
3-орун
Кыргыз тили – Каюмова Бубурабия Абдувахобовна (Жаңы-Жер мектеп-комплекси)
Англис тили – Исмаилов Алихан Сейитбекович (Silk Way эл аралык мектеби)
Англис тили – Хусаинов Кирилл Валерьевич (Ат-Башы жалпы билим берүү мектеби)
Орус тили – Сарыбаева Аэлита Айбековна (М. Жангазиев атындагы ЖББ мектеби)
Жеңүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Аларга билим жолунда мындан аркы ийгиликтерди жана алдыдагы республикалык этапта да жогорку жетишкендиктерди каалайбыз.
Даярдаган:Аида Карыбекова Айдай Джолчубекова