“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Сокулук райондук олимпиадасындагы ийгилик

14 Март 2026 жыл 22:59
Көрүүлөрдүн саны: 95

Сокулук районунун мектептери арасында өткөрүлгөн предметтик олимпиадада орус тили сабагы боюнча
Гүльсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Рамизовна Раяна Бейшенбекова III орунду камсыз кылып, мектеп жамааты үчүн сыймыктуу жетишкендик жаратты.

Сыйлык тапшыруу

Аталган ийгиликке жетүүгө аны даярдаган мугалими Бакыт Турсуналиев чоң салым кошкон. Бул жетишкендикке
байланыштуу окуучу жана мугалим менен кененирээк маек курдук.
Алгач сөздү жеңүүчү окуучу Раяна Бейшенбековага бердик. Ал өзүнүн олимпиадага катышуу максаты
жана даярдык процесси тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
— Мен Бейшенбекова Раяна Рамизовна, учурда 10-класста окуйм. Мектепте жакшы окууга жана ар кандай сынактарга катышууга дайыма аракет кылам. Олимпиадага катышуу идеясы орус тили сабагына болгон кызыгуумдан жана мугалимимдин сунушунан кийин пайда болду. Өз күчүмдү сынап көргүм келди.
— Орус тилин өзгөчө жакшы көрөм. Бул тил аркылуу көптөгөн кызыктуу китептерди окууга, адамдар менен эркин баарлашууга мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, Александр Пушкин сыяктуу улуу акындардын чыгармаларын түп нускасында окуу мага чоң ырахат тартуулайт.
— Олимпиадага болжол менен эки ай даярдандым. Даярдык учурунда мугалимим жана ата-энем мага
чоң колдоо көрсөтүштү. Күн сайын орто эсеп менен 3–4 саат даярданчумун.
— Олимпиада күнү бир аз толкундандым. Бирок өзүмө ишенип, колумдан келгенин кылууга аракет кылуу менен катыштым. Жыйынтык чыкканда абдан кубандым. Үчүнчү орунду алуу мен үчүн чоң
жетишкендик болду. Бул ийгилик билимимди дагы тереңдетүүгө жана жаңы максаттарды коюуга чоң
мотивация берди.
— Менин ийгилигиме чоң салым кошкон мугалимим Турсуналиев Бакыт агайыма терең ыраазычылык билдирем. Агайым ар дайым ишеним көрсөтүп, туура багыт берип, сабырдуулук менен даярдады.
— Учурдан пайдаланып бир топ кошумча курстарга окутуп, билимимди тереңдетүүгө чоң өбөлгө түзүп берип жаткан ата-энеме, өзгөчө атам Ризиз Бейшенбековичке терең ыраазычылык билдиргим келет.
Андан соң окуучуну даярдаган мугалим Бакыт Турсуналиев агай олимпиаданын мааниси жана даярдык иштери тууралуу ой бөлүштү.
— Райондук олимпиада — бул мектеп окуучуларынын билим деңгээлин текшерген жана алардын
интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн баалаган маанилүү билим сынагы. Олимпиада математика, кыргыз тили, орус тили жана адабияты, физика, химия, биология, тарых жана англис тили сыяктуу предметтер боюнча өткөрүлөт.
— Бул сынактын негизги максаты — окуучулардын билимин текшерүү, таланттуу жана жөндөмдүү окуучуларды аныктоо. Биринчи орунду алган окуучу кийинки этапта облустук олимпиадага жолдомо алат.
— Мектеп ичинде 10-класстар арасында тандоо өткөргөндө Бейшенбекова Раяна жана Сулайманова Гүлүмкан аттуу эки окуучу жогорку балл алышты. Бирок олимпиаданын тартибине ылайык бир гана окуучу катыша алгандыктан, райондук этапка Раянаны алып бардым.
— Окуучуну олимпиадага даярдоо кадимки сабактан бир аз айырмаланат. Негизги максат —окуучунун ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, анализ жүргүзүүгө жана теманы терең түшүнүүгө үйрөтүү. Ошондуктан татаал тапшырмалар менен иштетип, мурунку жылдардын олимпиадалык суроолоруна
өзгөчө көңүл бурабыз. Текст менен иштөө, грамматикалык талдоо жана жоопту так, далилдүү жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу абдан маанилүү.
— Машыгуулар жумасына 2–3 жолу өткөрүлөт. Мындан тышкары, окуучуга убакытты туура пайдаланууну үйрөтүү да чоң роль ойнойт.
— Раяна былтыр да олимпиадага катышкан. Бирок ал кезде байгелүү орундарга жете алган эмес. Быйыл мурдагы тажрыйбаларды эске алып, тыкыр даярдыктын жыйынтыгында III орунду камсыз кылдык. Раяна өзү аябай тырышчаак жана дилгир, жоопкерчиликтүү окуучу. Биздин мектеп Раяна Бейшенбековадай үлгүлүү окуучубуз менен сыймыктанабыз.
— Албетте, даярдаган окуучуң жогорку орундардын бирине жетсе, бул мугалим үчүн чоң кубаныч. Эмгектин үзүрүн көргөндө жаңы күч жана дем пайда болот. Келечекте 6–7-класстар арасынан таланттуу окуучуларды тандап, аларды 2–3 жыл бою даярдап, кийинки олимпиадаларда жогорку жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылам.
Мындай жетишкендиктер окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, мектептин аброюн көтөрөт. Бейшенбекова Раянанын ийгилиги — эмгектин, тынымсыз аракеттин жана мугалим менен окуучунун биргелешкен аракетинин жаркын жыйынтыгы.

Раяна Бейшенбекова

Даярдаган: Аида Карыбекова