2026-жылдын 14-март күнү Сокулук районунун Күнтуу айыл өкмөтүндөгү жайгашкан бардык билим берүү уюмдары жалпы ишембиликке чыгышты.

Ишембилик учурунда
Ишембиликке мектептердин мугалимдери, бала бакча кызматкерлери активдүү катышып, билим берүү уюмдарынын айланасын тазалоо, таштандыларды чогултуу, мектеп, бала бакча короолорун көрктөндүрүү бак-дарактарды иретке келтирүү жана айлана-чейрөнү жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү.
Анын ичинде Сокулук районунун Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы ЖББ мектебинин эмгек жамааты дагы ишембиликке чыгып, активдүү ишембилик өтөштү
Мындай иш-чаралар айлана-чөйрөнү таза кармоого, экологиялык маданиятты жогорулатууга жана коомдук жоопкерчиликти арттырууга багытталган.

Табиятты коргоо
Табият менен татуу мамиледе болуу керек!
Даярдаган: Айдай Джолчубекова,
Аида Карыбекова