Быйыл 2026-жылдын 20-мартында Орозо айт намазы өлкөбүздө белгиленген тартипте өткөрүлөт
Кыргызстан мусулмандарынын дин 9башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 20-марты Орозо айт майрамы катары белгиленип, өлкө аймагындагы бардык мечиттерде айт намазын белгиленген тартипте өткөрүү боюнча маалымат берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы облустук, шаардык өкүлчүлүктөрүнө жана райондук, шаардык хатибияттарга атайын кат жөнөттү.
Маалыматка ылайык, айт намазы төмөнкүдөй программа менен өткөрүлөт:
07:30 – 08:00 – Куран окуу;
08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
08:25 – 08:30 – Айт намазынын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
08:30 – 08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.
Ошондой эле бардык өкүлчүлүктөргө жана хатибияттарга айт намазы учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып баруу тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, тоолуу аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн убакыттар жергиликтүү шарттарга жараша бир аз өзгөрүшү мүмкүн экендиги белгиленди.
Бул маалыматка Кыргызстандын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров кол койгон. Орозо айт – мусулмандардын эң улуу майрамдарынын бири болуп саналат. Бул күнү мусулмандар таң эрте айт намазына жамаат болуп катышып, бири-бирин куттуктап, жакшылык жана береке тилешет.
Ал эми ушул эле жылдын садака батирине токтолсок
Рамазан 2026. Садака-фитир.
Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаж адамдарга пайдалуу болушу үчүн баасы кымбатыраак азыктардан берүү абзел.
2026-жыл үчүн садака-фитирдин өлчөмү жана баасы төмөнкүдөй:
Буудай – өлчөмү 1,6 кг. Садака-фитирдин баасы 60 сом.
Ун – өлчөмү 1,6 кг. Садака-фитирдин баасы 90 сом.
Арпа – өлчөмү 3,2 кг. Садака-фитирдин баасы 100 сом.
Мейиз – өлчөмү 1,6 кг. Садака-фитирдин баасы 880 сом.
Курма – өлчөмү 3,2 кг. Садака-фитирдин баасы 1200 сом.
Эскертүү: Баалардын туруксуздугуна байланыштуу садака-фитир берилген учурда буудай, ун жана мейиз 1,6 кг өлчөмүндө, ал эми арпа жана курма 3,2 кг өлчөмүндө эсептелет.
Жазган: Аида Карыбекова, Бейшенбекова Раяна