“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Самат Эркинбеков менен шаңга бөлөнгөн ,,Кош алиппе” майрамы

23 Апрель 2026 жыл 19:45
Көрүүлөрдүн саны: 120

Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде 1-класстардын “Кош алиппе” аталышындагы салтанаттуу иш-чарасы жогорку деңгээлде өттү.

Бул майрам — кичинекей окуучулардын алгачкы билим жолундагы маанилүү баскычты жыйынтыктаган, кубанычка, сыймыкка жана үмүткө толгон өзгөчө күн болду.


Салтанаттын көркүн ачкан негизги конок — актёр, ырчы, юморист, эл сүймөнчүлүгүнө татыган инсан Самат Эркинбеков болду. Ал өзүнүн автордук чыгармаларын аткарып, балдардын көңүлүн көтөрүп гана тим болбостон, аларды кошо бийлетип, залды шаңга бөлөдү. Анын шайыр мүнөзү, сахнадагы жандуу энергиясы кичинекей көрүүчүлөрдү дароо өзүнө тартып, майрамды унутулгус көз ирмемдерге байытты.
Окуучулардын кубанычында чек жок — алар ырдап, бийлеп, ар бир көз ирмемден ырахат алып, конок менен бирге кечени өзгөчө шаңга бөлөштү. Балдардын жаркыраган жүздөрү, чын дилден чыккан күлкү майрамдын эң кооз көркүн түздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Самат Эркинбеков окуучулар менен жылуу баарлашып, өзүнүн турмуштук тажрыйбасынан кеп-кеңештерин бөлүштү. Ар бир бала менен сүрөткө түшүп, алардын кыялдарына дем берип, келечекке болгон ишенимин арттырды. Мектеп жамаатына терең ыраазычылык билдирген конок мындан ары дагы жолугушуулар болоорун айтып, балдар менен жылуу коштошту.
Ал эми мектептин директору Айдай Джолчубекова өз сөзүндө мындай иш-чаралардын маанисине өзгөчө токтолду. Анын айтымында, дал ушундай жолугушуулар балдардын келечекке болгон максаттарына дем берип, аларды шыктандырат. Ошондой эле ал мындан ары да мектепке белгилүү инсандарды чакырып, окуучулар үчүн пайдалуу жана кызыктуу иш-чараларды уюштуруу улантыларын баса белгиледи.
Мектеп жамаатынын химия жана биология мугалими Клара Эшимбекова да бул сыяктуу иш-чаралардын маанисин баса белгилеп өттү. Анын айтымында, мындай жолугушуулар буга чейин да уюштурулуп келип, окуучулар үчүн ар дайым өзгөчө маанай тартуулап келет.
Ал өз сөзүндө биринчи кезекте окуучуларга жагымдуу шарт түзүп, ушундай маанилүү иш-чараларды уюштуруп жаткан мектеп директору Айдай Джолчубекова ыраазычылык билдирди. Ошондой эле алыскы аймак экенине карабастан убактысын бөлүп келип, балдар менен жылуу баарлашып, унутулгус көз ирмемдерди тартуулаган Самат Эркинбеков мырзага терең ыраазычылыгын билдирди.
Самат Эркинбековдун ырын жандуу аткарган 9-,,б” классынын окуучусу Байдөөлөт Кеңешбеков өз сөзүндө:
,,Самат Эркинбековдой чыгаан инсандын ырын жандуу аткаруу мен үчүн чоң сыймык болду. Ырды аткарып жатканда авторунун алдында аткаруу мен үчүн чоң жоопкерчилик жана сүрдөөнү жаратты. Бирок, мен үчүн эң жагымдуу көз ирмем сүрдөгөнүмөн, толкунданганыман ырдап жатып үнүм чыкпай калса, Самат Эркинбековдун колдоосу болду. Өзү мени колдоп чогу ырдап мени сүрөп кетти, кубанычымда чек жок өмүр бою эсимде калды дал ушул мөөнөттөр” – дейт, ал өз сөзүндө.
Бул салтанат окуучулар үчүн гана эмес, ата-энелер жана мугалимдер үчүн да жүрөктө сакталчу жаркын эскерүү болуп калды. “Кош алиппе” майрамы — билимге болгон алгачкы кадамдын майрамы катары ар бир баланын эсинде узакка сакталары шексиз.

Даярдаган: Аида Карыбековна
Раяна Бейшенбекова