“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Жылдын мыкты мугалими – 2026

23 Апрель 2026 жыл 19:50
Көрүүлөрдүн саны: 126

Сокулук районунда билим берүүнүн сапатын даңазалаган чоң майрам — “Жылдын мыкты мугалими – 2026” сынагы жогорку деңгээлде уюштурулуп, өзүнүн жыйынтыгына жетти.

Бул таймаш мугалимдердин кесипкөйлүгүн, чыгармачылыгын жана билим берүүдөгү жаңычыл ыкмаларын көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түздү.

Сокулук райондук ,,Жылдын мыкты мугалими – 2026”, ,,Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026” сынагынын ачылышында Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усеналиев Марат Джолдошбекович сөз сүйлөдү.
Марат Джолдошбекович сынактын катышуучуларына дем берүүчү каалоо-тилек айтып, өз сөзүндө ар бир мугалимге, тарбиячыга ошондой эле мектеп жана бала бакча жетекчилерине стимул берүү менен бирге чоң мотивация берди.
Марат Джолдошбекович: ,,Мугалим ардактуу кесип. Ардактуу кесипти ардактуу инсандар гана аркалайт. Бүгүнкү сынактын жеңичүүлөрү чыгаан, өз кесбининин чыныгы ээлери болгон мугалимдердин, тарбиячылардын ар бири – жеңүүчү. Сынак ачык-айкын жана калыс өттү. Ар бир этап мугалимдерге тажырыйба жана сабак болду. Кийинки жылы ар бир мектептен мугалимдер жана ар бир бала бакчадан тарбиячылар катышып, ийгиликти багындыруусу керек экенине токтолуп, ар бир мугалимдин жана тарбиячынын, ошондой эле мектеп жана бала бакча жетекчилеринин эмгеги сөзсүз бааланып, жыйынтык чыгарыларын белгиледи”.
Сынактын финалдык этабына 20 мугалим жана 5 тарбиячы өтүп, алар беш баскычтан турган олуттуу сыноодо күч сынашты. Биринчи этапта катышуучулар өздөрүнүн портфолиосун сунуштап, видео баянын жана 15 мүнөттүк сабактын видеосун көрсөтүштү. Бул бөлүк мугалимдин чыгармачылык жүзүн, сабак өтүүдөгү өзгөчө ыкмаларын жана окуучулар менен иштөө жөндөмүн ачып берди.

Экинчи этапта мугалимдер уюштуруучулар тарабынан белгиленген мектепке барып, сабакты офлайн форматта өтүп беришти. Бул баскыч алардын чыныгы педагогикалык чеберчилигин, классты башкаруу жөндөмүн жана жандуу байланыштагы ишмердүүлүгүн баалоого багытталды.

Үчүнчү этап — тестирлөө, катышуучулардын теориялык билимин текшерсе, төртүнчү этаптагы мастер-класс мугалимдердин тажрыйба бөлүшүү, инновацияларды жайылтуу мүмкүнчүлүгүн ачты. Ал эми жыйынтыктоочу бешинчи этап — стендап форматындагы суроо-жооп болуп, бул жерде катышуучулар өз ойлорун так, ишенимдүү жана ынанымдуу жеткирүү жөндөмүн көрсөтүштү.

Беш этаптан турган бул мазмундуу таймаш Сокулук районуна караштуу Манас айылындагы “Ат-Башы жалпы билим берүү мектебинде” өткөрүлүп, билим берүү тармагындагы чыныгы таланттарды аныктады.

Жыйынтыгында баш байге — гран-прини К.Карасаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин физика мугалими Күлчоро кызы Света жеңип алды. Биринчи орунду К.Шопоков атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бактыбаева Гулзат ээледи. Экинчи орун Муса Жангазиев атындагы мектептин англис тили мугалими Артыкова Айпериге ыйгарылды. Ал эми үчүнчү орунду Гульсина Капарова атындагы мектептин география мугалими Карыбекова Аида багындырды.

Сынактын бардык катышуучулары ардак грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылып, Ташкент шаарына жолдомо жана ар кандай тиричилик буюмдары берилди.

Бул сынак мугалимдердин эмгегин баалоо менен гана чектелбестен, алардын кесиптик өсүшүнө дем берип, билим берүү тармагындагы мыкты тажрыйбаларды жайылтууга өбөлгө түздү. “Жылдын мыкты мугалими” — бул жөн гана сынак эмес, бул билимге, эмгекке жана келечек муунга болгон чоң урматтын белгиси.
Ал эми ушул конкурска катышып 3-орунду камсыз кылган Карыбекова Аида айым менен баарлашып, жон териси менен сезген катышуучу катары маек куруп оюн билүүнү туура көрдүк.
Карыбекова Аида Карыбековна, “Жылдын мыкты мугалими – 2026” сынагы сиз үчүн кандай таасир калтырды?
— Бул сынак мен үчүн жөн гана таймаш эмес, чоң тажрыйба мектеби болду десем жаңылышпайм. Ар бир этап өзгөчө даярдыкты, терең ойлонууну талап кылды. Эң башкысы — ар тараптан өнүгүүгө, өз мүмкүнчүлүгүңдү кеңейтүүгө шарт түздү.
— Кайсы этап сиз үчүн өзгөчө эсте калды?
— Чынын айтсам, ар бир этап өзүнчө кызыктуу болду. Бирок офлайн сабак өтүү жана мастер-класс өзгөчө таасир калтырды. Анткени, ошол жерде сенин чыныгы мугалимдик чеберчилигиң, окуучулар менен болгон байланыш, сабакты уюштуруу деңгээли толук ачылат экен.
— Сынак сизге эмне берди деп ойлойсуз?
— Бул конкурс эң оболу чоң тажрыйба берди. Башка мугалимдер менен пикир алмашуу, жаңы ыкмаларды көрүү, өзүңдү салыштырып, кемчиликтериңди аңдоо — булардын баары абдан баалуу. Мындай мүмкүнчүлүк ар дайым эле боло бербейт.
— Демек, сиз үчүн бул сынактын өзгөчөлүгү эмнеде болду?
— Өзгөчөлүгү — бул жерде атаандаштык менен бирге колдоо да бар экенинде. Баарыбыз бири-бирибизден үйрөндүк, тажрыйба алмаштык. Чынында, “Жылдын мыкты мугалими” — бул көп нерсени үйрөтө турган, адамды өстүрө турган өзгөчө конкурс экен.
— Келечекте дагы ушундай сынактарга катышууга каалооңуз барбы?
— Албетте, бар. Мындай сынактар мугалимди шыктандырып, жаңы бийиктиктерге жетелейт. Эң негизгиси — бул кесибиңе болгон сүйүүнү дагы да бекемдейт.
Учурдан пайдаланып сынактын башталышынан бүткөн мөөнөтүнө чейин бардык жагынан көмөк көрсөтүп жана дем-күч берип колдоп берген жетекчим мектеп директору Айдай Джолчубековнага терең ыраазычылык билдирем! Сөздүн ачыгы аркамдагы тиреп турган таянычым жана мыкты колдоочум алгач жолдошум андан кийин эле директорум болду. Ийгиликти багындыруумдун бирден-бир себеби дагы ушул эки асыл инсандардын күнү-түнү колдоо көрсөтүү менен ишеним арткандары болду. Анан албетте, жалпы кесиптештериме да терең ыраазычылык билдирем!
— Маегиңизге рахмат!
— Сиздерге дагы рахмат!
Жазган: Айдай Джолчубекова
Бейшенбекова Раяна