“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Күнтуу айыл өкмөтүндө Сармерден болуп өттү

23 Май 2026 жыл 15:25
Көрүүлөрдүн саны: 139

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гульсиннна Капарова атындагы жалпы билим берүү мектептин мугалимдери «Сармерденде» өнөр жаратышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин ,,Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик, уңгу жол” жарлыгын аткаруу максатында Сокулук районунун Күнтуу айыл өкмөтүнүн колдоосу, демилгеси менен Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектеби кыз-жигит сармерден оюнун уюштурушту.
Мугалим – бул бир гана билим берүүчү эмес, улуттук маданияттын, каада-салттын үлгүсүн көрсөткөн улуу инсан. Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде агартуучулардын катышуусунда кыргыз элинин улуттук мурасын даңазалаган «Сармерден» кыз-жигиттер маданий мелдеши жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Мектептин ажарлуу айымдарынан куралган кыздар тобу менен чыгаан, таланттуу агайларынан куралган жигиттер тобу ортого чыкканда, залда отурган көрүүчүлөрдүн, окуучулардын жана кесиптештердин сүрөөсү кеченин көркүн ачты. Күнүмдүк жумуш формасын кыргыздын улуттук шөкөттөлгөн кооз кийимдерине алмаштырган мугалимдер сахнага өзгөчө шаң тартуулашты.
Оюндун шарты боюнча, агай-эжейлер бир нече багытта күч сынашып, өздөрүнүн ар тараптуу таланттарын ачып беришти:
Саламдашуу жана макал-лакаптар: Эки тарап тең кыргыз тилинин байлыгын көрсөтүп, бири-бирине курч, таасын жана маанилүү сөздөр менен суроо-жооп иретинде айтышты. Салттуу макал айтышта улуттук акыл-насааттар ортого салынды.
Ыр-бий мелдеши: Жигиттер тарап кыргыздын классикалык жана элдик ырларын созолонто аткарышса, кыздар тобу өздөрүнүн назик, мукам үндөрү жана өзгөчө даярдалган улуттук бийлери менен жооп кайтарышты.
Жаңылмач жана шайыр тамашалар: Тилди жатыктырган жаңылмачтарды жаңылбай айтууда мугалимдер өз чеберчиликтерин далилдеп, ортодогу тамашалуу кагышуулар залга күлкү жана кубаныч тартуулады.
Мугалимдердин сахнада өздөрүн эркин алып жүргөнү, ар бир сөздүн маанисине терең маани бергени алардын кесипкөйлүгүн гана эмес, жан дүйнөсүнүн маданий байлыгын да айгинелеп турду.
Жыйынтыгында калыстар тобуна сөз берилип, Лира Сыдыкова агартуучулардын талантын жогору баалап, улуттук каада-салттарды унутпай, аны кийинки муундарга үлгү катары өткөрүп берүү ар бир жарандын милдети экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө: «Уңгу жолду улап кетүү, жарлыкты аткаруу — ар бирибиздин парзыбыз» экенин баса белгилеп, таймаштын жыйынтыгында мырзалар тобу жеңишке жетишкенин билдирди.
Ошондой эле Кунтуу айыл аймагынын башчысы Мирбек Суюналиев агартуучуларга терең ыраазычылык билдирип, «Уңгу жол» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Күнтуу айыл аймагында улуттук баалуулуктарды даңазалаган иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз улантыларын белгиледи.

Ал эми Айдай Джолчубековна өз сөзүндө мектеп жамаатына ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткан Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнө, Лира Сыдыковага, Асыл Кожомбердиевага, ошондой эле мектепке, агартуучуларга ар дайым колдоо көрсөтүп келген Мирбек Суюналиевке жана анын орун басары Гульнур Султановага терең ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары, иш-чарага демөөрчүлүк көрсөткөн Жолдошбек Султанбековке жана Шайыркул Орозакунована ыраазычылык айтып, алардын иштерине ийгилик, бекем ден соолук каалады.
,,Кесиптештерине да учурдан пайдаланып терең ыраазычылык билдирүү менен ар дайым чыгармачылык эргүү, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кесиптик ийгиликтер коштоп жүрсүн! Биримдигибиз бекем, эмгегибиз үзүрлүү болсун!” деди.

Жазган: Перизат Каратаева
Раяна Бейшенбекова