Билим сыноосу:
Гульсина Капарова мектебинде кыргыз тилинен мамлекеттик экзамен ийгиликтүү өттү

Экзамен учуру
Үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Сокулук районунун Новое айылындагы Г. Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө маанилүү күн болду. Мектеп босогосунда турган окуучулар өздөрүнүн экинчи мамлекеттик жыйынтыктоочу сынактарын — кыргыз тили сабагынан тапшырышты. Тил — улуттун сыймыгы, мамлекеттүүлүктүн негизи гана эмес, мектеп программасындагы эң башкы предметтердин бири. Бул күнкү сынак кандай маанайда өткөнүн жакындан билүү үчүн класс жетекчи жана сынактан жаңы гана чыккан окуучу менен маектештик.
9-,,”клссыы клсс жтекчиси :Анахан Матекова Окуучуларыбыздын даярдыгы дурус»
Алгачкы сөздү бүтүрүүчү класстын ар бир кадамына күйүп-бышып, аларды ушул чоң сыноого даярдаган класс жетекчиге бердик:
«Мамлекеттик жыйынтыктоочу экзамендер — бул окуучулардын бир нече жылдык эмгегинин, изденүүсүнүн жыйынтыгы. 2-июнда өткөн кыргыз тили сабагынан сынак абдан жоопкерчиликтүү болду. Экзамен учурунда ачык-айкындуулук жана тартип толук сакталды. Мугалим катары балдарым үчүн абдан толкундандым, бирок алардын билимине ишенем. Себеби, биз жыл бою кайталоо иштерин жүргүзүп, диктант, эсселердин үстүндө тынбай иштегенбиз. Окуучуларымдын жүзүнөн кооптонууну эмес, ишенимдүүлүктү көрдүм. Алардын баары бул сыноодон татыктуу өтүштү деп ишенимдүү айта алам.»
9-,,”ксснынокучусу:бке Биймырзаева «Эне тилибизден сынак берүү — чоң жоопкерчилик»
— Экзамен кандай өттү? Кандай сезимдер болду?
— Чынын айтсам, бөлмөгө кирип жатканда абдан толкундандым. Баары бир мамлекеттик сынак да. Бирок, мугалим баяндаманын тексттин мугалим окуганда дароо тынчтанып калдым. Класс жетекчибиз жана кыргыз тили мугалимибиз менен бирге кайталаган эле темалар экен. Эне тилибизден сынак берүү биз үчүн чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик болду.
Экзамен аяктап, окуучулардын жүзүндө жеңилдөө жана кубаныч сезимдери байкалат. Бул билим сынагы Г. Капарова атындагы мектептин окуучулары алдыдагы чоң турмуштук сыноолорго даяр экенин дагы бир жолу далилдеди. Мектеп жетекчилиги жана жалпы жамаат бүтүрүүчүлөрдүн алдыдагы калган экзамендерин да ийгиликтүү тапшырып алышына тилектештик билдирет.

Экзаменге даярдык учуру
Даярдаган: Айдай Джолчубекова
Перизат Каратаева