“Көнөк” жамааттык мультимедиа борбору

Сокулук району, Кызыл- Туу айылы

Жыл мугалими 2026 — жылы

10 Июнь 2026 жыл 17:42
Көрүүлөрдүн саны: 2

Билим берүүнүн мыктылары аныкталды: Чүй облусунда ,,Жылдын мыкты мугалими-2026” жана,,Жылдын мыкты табиячысы-2026” сынагы жыйынтыкталды.

Конкурстун катышуучулары


Чүй облусунда педагогикалык чеберчиликти арттыруу, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана мугалимдердин кесиптик кадыр-баркын көтөрүү максатында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» сынагы өз маарасына жетти. Өз кесибинин чыныгы чеберлери күч сынашкан бул сынак жогорку уюштуруучулук деңгээлде өттү.
Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, бардык облустук конкурсанттарды куттуктоо үчүн салтанаттуу азем Сокулук районунундагы К.Карасаев атындагы жалпы билим берүү мектептебинде болуп өттү.

Сыймык тапшыруу аземи

Сынактын катышуучуларын Чүй облустук усулдук билим берүү борборунун жетекчиси Раимбек Султанов куттуктады. Ал өз сөзүндө аймактагы билим берүү деңгээлин көтөрүүдө мугалимдердин ролу чоң экенин белгиледи. «Мугалим — коомдун күзгүсү жана келечектин куруучусу. Бүгүнкү сынак сиздердин изденүүңөрдүн, талыкпас эмгегиңиздердин натыйжасы», — деп билдирди өз куттуктоосунда облус башчысы.
Сокулук районунан сынакка катышкан конкурсанттар байгелүү орундарды багындырышты.
1. Абдрахманова Зарина Жаныбековна -Алымкул Жакшылыков атындагы жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими.1-орун
2. Карыбекова Аида Карыбековна – Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинингеография мугалими 1-орун
3. Кабылова Бегайым Үсөновна- № ,,Гүлзар” бала бакчасынын тарбиячысы. 1-орун.
4. Артыкова Айпери Равшанбековна -Муса Жангазиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин англис тили мугалими. 2-орун.
Каарманыбыздын ийгилиги: Аида Карыбековна облустук турда 1-орунду багындырды!

Жеңүүчүлөр

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун жогорку баасына татып, райондун намысын коргогон Г. Капарова атындагы орто мектебинин география мугалими Аида Карыбековна облустук турдан баш байгени — 1-орунду багындырды. Биз жеңүүчүнү суроого алып, сынактан алган таасирлери тууралуу кепке тарттык.
— Аида Карыбековна, ири жеңишиңиз кут болсун! Облустук деңгээлдеги сынак сиз үчүн кандай өттү, кандай таасирлер калды?
-Саламатсыздарбы!
Облустук деңгээлдеги «Жылдын мыкты мугалими – 2026» сынагында 1-орунду алуу мен үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик болду. Сынак мен үчүн абдан оор, бирок ошол эле учурда баа жеткис тажрыйба болду. Физикалык чарчоого караганда психологиялык жүк, толкундануу, жоопкерчилик жана кыжаалатчылык көбүрөөк болду. Мындай сезимдерди бул жолдон өткөн адам гана толук түшүнө алат. Сыртынан караганда жеңил көрүнгөнү менен, ар бир этаптын артында чоң эмгек, изденүү, даярдык жана өзүн-өзү жеңүү турат.
Бул сынак мага өз мүмкүнчүлүктөрүмдү дагы бир жолу сынап көрүүгө, кесиптештер менен тажрыйба алмашууга жана өзүмдүн кесиптик деңгээлимди жогорулатууга чоң өбөлгө түздү. Эң негизгиси — мугалимдик кесипке болгон сүйүүм жана окуучулар үчүн талыкпай эмгектенүүм дагы да бекемделди.
-Бул ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
— Менин ийгилигимдин сыры – үзгүлтүксүз эмгек, алдыга койгон максатка умтулуу, өз кесибимди сүйүү жана ар дайым жаңыланууга аракет кылуу. Ошондой эле мени колдоп турган үй-бүлөмө, жетекчилигиме, кесиптештериме жана окуучуларыма терең ыраазычылык билдирем. Бул жеңиш жалгыз менин эмес, мени колдогон жалпы жамааттын жеңиши деп эсептейм.
— Чоң рахмат.

Сынактын соңунда жеңүүчүлөргө жана жигердүү катышкан мугалимдерге Ардак грамоталар, баалуу белектер тапшырылды. «Жылдын мыкты мугалими» сынагы агартуучуларына жаңы дем, жаңы күч тартуулаган унутулгус окуя катары калды.

Биз дагы өз кезегибизде Аида Карыбековнаны жана бардык жеңүүчүлөрдү облустук турдагы жаркын жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктап, түйшүктүү да, сыймыктуу да иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

Даярдаган: Айдай Джолчубекова

Перизат Каратаева